Мазмунга өтүү

Имарат жана курулуш

Википедия — ачык энциклопедия

Имарат жана курулуш (коомдук) - окуу жайлар, коомдук ишканалар, мекемелер, уюмдар жана калкты маданият, үй тиричилик жактан тейлөө ишканалары жайгашуучу архитектуралык курулуштар.

Имарат жана курулуш колдонулушу боюнча төмөнкү негизги типтерге бөлүнөт:

  • мектеп жашына чейинки балдар тарбиялануучу мекеме, жалпы билим берүүчү мектеп;
  • мектеп интернат;
  • кесипчилик окуу жайы;
  • жогорку жана орто атайын окуу жайлары, соода жана коомдук тамактануу ишканалары;
  • коммуналдык жана үй тиричилик жактан тейлөө ишканалары;
  • дарылоо, профилактика жана эс алуу мекемелери;
  • спорттук курулуш;
  • маданий-агартуу мекемеси;
  • администрациялык мекеме жана коомдук уюмдар;
  • илимий изилдөө жана долбоорлоо институттары;
  • транспорт вокзалдарынын бардык түрү, байланыш мекемеси ж. б.

Имарат жана курулуштун бир эле комплексине бир эле мекеме же ишкана, кээде ар кандай иштерди аткаруучу ар башка ишкана же мекеме жайгашышы мүмкүн. Алар эмнеге арналганына ылайык ар түрдүү долбоор боюнча тургузулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.