Имбецилдүүлүк

Википедия дан

Имбецилдүүлүк — олигофрениянын орточо түрү.

Идиотия менен дебилдүүлүктүн ортосундагы абал. Мындай оорулуу начар сүйлөп, ыраатсыз, тайкы ой жүгүртөт, бирок идиотияга караганда жакшыраак. Буюмга ой токтотуусу кыска болгондуктан, көргөнүн тез унутат. Окууга, жазууга үйрөтүү кыйын. Аларды өзүн өзү тейлөөнүн оңой жолуна, мисалы, кир жууганга, идиш тазалаганга, үй шыпырганга үйрөтүүгө болот. Туугандарын таанышат, коркуу жана кубануу сезимдери болот, өздөрүнүн кемчилигин сезип, уялышат. Айрымдары жоош, уяң, таарынчак, ишенчээк болушат, мактоону жакшы көрүшөт, кээси ачуулуу, кекчил келишет. Мындай оорулуу балдар өз алдынча жашоого жөндөмсүз болгондуктан атайын интернаттарда багуу максатка ылайыктуу.

Дагы караңыздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8