Иминов Урубай

Википедия дан

Иминов Урубай 1920-жылы 5-январда Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

Согуштун алдыңкы оор жылдары колхоздо эмгектенип жүрүп, 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка чакырылат. 1945-жылкы 9-май Улуу Жеңиш күнүнө чейин, Беларус фронтунда чалгындоо ротасында кызмат кылган. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн “Кызыл Жылдыз”, Ата мекендик согуштун II-баскычтагы ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. Согуштан келгенден кийин колхоздун, совхоздун ар түркүн эмгек тармагында, өмүрүнүн аягына чейин үзүрлүү жана үлгүлүү эмгектенген.

1994-жылдын ноябрь айында дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3