Иммиграция

Википедия дан

Иммиграция - (лат. immigro көчүп кирем) башка өлкөнүн жараны туруктуу же убактылуу (адатта, «узакка») жашоо үчүн башка бир өлкөгө көчүп келиши. Иммиграция негизинен саясий, экономикалык, диний ж. б. мүнөздөгү себептерден пайда болуп, легалдуу жана легалдуу эмес иммиграция болуп бөлүнөт. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында легалдуу иммиграция басымдуулук кылса, учурда легалдуу эмес иммиграция кескин өстү. Алардын көпчүлүгү эмгек иммигранттары. Иммигранттардын дагы бир өзгөчө тобун качкындар түзөт. Демократиялык мамлекеттер өз аймагына белгилүү шарттарга ылайык башка өлкөлөрдүн жарандарынын (иммигранттардын) көчүп келип, туруктуу же убактылуу жашап калуусуна же иммигранттарды өлкөдөн көчүрүп айдап жиберүүгө тыюу салуу укуктарына ээ. Дүйнөнүн иммигранттар баруучу көпчүлүк өлкөлөрүндө атайын иммиграциялык квоталар орнотулган. Ушул квоталардын чегинде чет өлкөлүк жарандардын ар жылдык келип туруусу жөнгө салынып турат. Иммиграциянын тарыхы калктын эл өтө жыш жайгашкан аймактан сейрек отурукташкан чөлкөмдөргө оошкону жөнүндө мол материал берет. Иммиграция АКШ, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, ТАР, Израиль, Аргентина ж. б. өлкөлөргө иммигранттардын көп келип жайгашышы менен ошол аймактын экономикалык өнүгүүсүндө чечүүчү ролду ойногон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]