Иммундаштыруу

Википедия дан

Иммундаштыруу (лат. immunisтаза, бир нерседен тазарган) - адам жана жаныбарларга жасалма иммунитет түзүү ыкмасы.

Иммундаштыруу активдуу жана пассивдуу болуп бөлүнөт. Активдуу Иммундаштырууда организмге антигендер - микроорганизмдерден (бактерия, риккетсия, вирус) же алардын продуктуларынан (токсин) алынган дары дармек (вакцина) адам менен жаныбарды жугуштуу оорудан сактоо үчүн тамызылып, териге, анын алдына, булчуңга, курсакка, венага куюлат, ошондой эле ичүү жана дем алуу аркылуу берилет.

Иммундаштыруу дары-дармектин үлүшүнө, сапатына жана организмдин реакция беруү ийкемдүүлүгүнө байланыштуу. Иммунитет түзүү үчүн антигенди бир нече жолу куюу керек. Экинчи Иммундаштыруу (реиммундаштыруу) биринчи Иммундаштыруудан 1-2 жумадан кийин жүргүзүлөт. Аралыгы алыс (бир нече ай же жыл) жана кайталаныл жасалуучу Иммундаштыруу натыйжалуу болот. Пассивдүү Иммундаштыруу адам менен жаныбарлардын канынын сыворотка топторун же сывороткаларды тери алдына, булчуңга, шашылыш учурда венага куюу аркылуу жүргүзүлөт.

Бул дары-дармекте токсинди нейтралдоочу, козгогучтун активдүүлүгүн жоготуучу, алардын таралышына жол бербөөчү даяр антителолор болот. Пассивдүү Иммундаштыруу кыска мөөнөткө (1 айга чейин) иммунитет пайда кылгандыктан жугуштуу оорулар (кызамык, кептөөр, селейме, газ гангренасы, чума, грипп ж. б.) менен аралашкандарга жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.