Империал Лондон колледжи

Империал Лондон колледжи (англ. Imperial College London) - Улуу Британияда жайгашкан мамлекеттик илимий-изилдөө университети болуп саналат. Анын негизөөчүсү Альберт падышазадасы болгон. Ал жайгашкан райондо Виктория жана Альберт музейи, табият илимдери жана Падышалык Альберт залы бар. 1888-жылы Виктория Канышасы Империал институтуна эң биринчи ташты койгон. 1907-жылы Империал Лондон колледжине Королдук жобосу берилген. Ошол эле жылы Лондон университетине кошулган. Бир нече тарыхый медициналык окуу жайлар менен биригип, ал андан дагы медицина бөлүмүн өнүктүргөн. 2004-жылы Каныша Элизабет II Империал колледжине бизнес мектебин ачкан.
Башкы кампусу Түштүк Кенсингтондо жайгашкан. Ал илим, техника, медицина жана бизнес факультетин уюштурган. Жаңы технологияга жана аны иш жүзүндө колдонууга басым коюлат.
Империал дүйнөдөгү жогорку окуу жайларынын арасына кирет. Ал 2017-жылы Times Higher Education World University Rankings боюнча 8-орунда ээлеп, QS World University Rankings тизмесинен 9-орунду жана Academic Ranking of World Universities 22-орунду алган. 2015-жылы Европадагы эң иноватордук жогорку окуу жай катары белгиленген. Мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр арасында 15 Nobel лауреаттары, 2 Fields медалисттери, 70 Royal Society стипендиаттары, 82 Royal Academy of Engineering стипендиаттары жана 78 Academy of Medical Sciences стипендиаттары бар.