Импульс системасы

Википедия дан

Импульс системасы - убакыттын белгилүү бир учурунда берилген кыска сигналдар (импульстар) менен башкарылуучу автоматтык башкаруу системасы.

Мындай системада анын абалын мүнөздөөчү чоңдуктардын жок дегенде бири импульстуу модуляцияга дуушар болот. Импульс системасы импульстуу модуляцияны ишке ашыруучу элементтен жана модуляцияланган ырааттуу импульстардын аракетине дуушар болгон үзгүлтүксүз бөлүктөн турат. Импульс системасында башкаруучу импульстардын ырааттуулугу, амплитудага, импульстун узактыгына, фазага же убакыт бирдигиндеги импульстун санына таасир кылуучу үзгүлтүксүз сигнал менен модуляцияланат. Ошентип, импульстуу модуляциянын түрүнө жараша Импульс системасы амплитудалык, кеңдик, фазалык, жыштыктуу болуп айырмаланат. Анын ачык жана туюк түрлөрү бар. Ачык Импульс системасында сырткы таасир модуляцияланса, туюк системада үзгүлтүксүз бөлүктүн кириш чоңдугу модуляцияланат.

Ачык Импульс системасына байланыш системалары, ал эми туюк системага үзгүлтүк менен жөнгө салынуучу жана импульстуу ээрчиме системалар кирет. Импульстуу башкарууну көп каналдуу системада колдонуу абдан ыңгайлуу. Мында башкаруу сигналдары убакыт (фаза) боюнча ар түрдүү каналдарга бөлүштүрүлөт. Техникада импульс сигналдарын колдонуу кабарларды жакшылап берүүгө жана аны кодго айландырууга шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.