Импульс техникасы

Википедия дан

Импульс техникасы - электр импульстарын пайда кылуу, өзгөртүп түзүү жана өлчөө методдорун, техникалык каражаттарын изилдөөчү, иштеп чыгаруучу жана колдонуучу техникалык тармак.

Импульс техникасында электр импульстары ар түрдүү электр тизмегине, түзүлүштөргө жана объектилерге таасир бергенде пайда болгон процесстер изилденет жана талданат. Токтун жана чыңалуунун электр импульстары менен техникасынын көп тармактарында, айрыкча электроникада көбүрөөк пайдаланылат. Мында жекече жана ырааттуу берилген импульстар колдонулат. Импульс режиминде электрондук түзүлүштөргө электр сигналдары үзгүлтүктүү кылып берилет. Импульс сигналдары амплитудасы, импульстун узактыгы, жыштыгы жана өз ара жайгашы боюнча айырмаланат. Ал импульс сигналдары модуляциянын түрүнө жана импульстун формасына жараша татаал түзүлүштө болуп, Импульс техникасында ондогон гц тен ондогон Ггц ке чейинки жыштыктагы импульс сигналдары колдонулат. «Импульс» деген түшүнүктүн өзү эле анын эң аз убакыт аракет кыла тургандыгын билдирет. Бирок импульстун аз убакыт аракет кыла тургандыгы салыштырма гана түшүнүк, анткени колдонулуучу тармагына ылайык импульс бир кыйла узак убакыт берилиши мүмкүн. Мис., автоматикада узактыгы 0,01-1 сек, импульстук радио байланышта 10_6 сек, бөлүкчөлөр физикасында 10-9 сек узактыктагы импульстар пайдаланылат. Техниканын бир эле тармагында узактыгы жана жыштыгы ар түрдүү болгон импульстар колдонулушу мүмкүн. Мис., радиолокацияда узактыгы 10_3 тен 10-9 сек га жана кайталануу жыштыгы 1 гц тен 104 гц ке чейинки электр импульстары колдонулат.

Ар түрдүү формадагы импульстарды алуу, аларды өзгөртүү жана импульстар менен логикалык операцияларды аткаруу үчүн импульстук типтүү схемалар жана түзүлүштөр керектелет. Аларга импульсту пайда кылуучу, алардын формасын, амплитудасын, уюлдуулугун өзгөртүүчү сызыктуу түзүлүштөр (дифференциалоочу жана интегралдоочу тизмек, импульстук трансформатор жана күчөткүч ж. б.), импульстарды өзгөртүп түзүүчү жана тизмекти алмаштырып туташтыруучу сызыктуу эмес түзүлүштөр (чектегич, магниттүү генератор, электрон ачкычтары ж. б.), регенерация схемалары жана импульстар генератору (триггер, мультивибратор, блокинг-генератор), токту жана чыңалууну сызыктуу өзгөртүүчү электрон генераторлору (фантастрон, санатрон ж. б.), импульс сигналдарын иштетүүчү атайын түзүлүштөр (код түзүүчү жана кодду жандыруучу, дешифратор, каттагыч, матрица ж. б.) кирет.

Импульс сигналдарын биринчи жолу орус илимпозу П. Л. Шиллинг 1832-ж. электромагниттуү телеграфта колдонуп, аны орус академиги Б. С. Якоби, америкалык ойлоп табуучу С. Морзе өркүндөткөн. А. С. Попов радио толкунду пайда кылуу үчүн (1895) импульстук учкундуу бергичти колдонгон. 1907-ж. орус илимпозу Б. Л. Розинг сүрөттөлүштүн сигналдарын кабыл алуу үчүн дүйнөдө биринчи болуп электрон-нур түтүгүн пайдаланган. 1918-ж. советтик илимпоз М. А. Бонч-Бруевич «катод релесин» иштеп чыккан жана изилдеген. Андан кийин Америкада мультивибратор жана триггер түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.