Мазмунга өтүү

Инварианттуулук

Википедия — ачык энциклопедия

Инварианттуулук – кээ бир физикалык шарттарга көзкарандысыздык, өзгөрбөстүк. Көбүнчө Инварианттуулук математикалык мааниде каралат.

Кээ бир өзгөртүүлөргө карата кандайдыр бир чоңдуктун өзгөрбөстүгү, мис., эгерде бирине салыштырмалуу экинчиси кандайдыр бир бурчка бурулган эки координата системасындагы чекиттин кыймылы каралса, анда алардагы кыймылдын ылдамдыктарынын проекциялары түрдүүчө, ал эми ылдамдыктын квадраты, демек кинетикалык энергия бирдей болот, б. а. эсептөө системасынын мейкиндиктеги бурулуусуна карата кинетикалык энергия инварианттуу болот. Лоренц өзгөртүүсүнө карата Инварианттуулук – зор маанилүү учур. Мындай Инварианттуулуктун мисалдары – төрт өлчөмдүү интервал, толук электр заряды ж. б. Салыштырмалуулуктун жалпы теориясында координаталарынын ар кандай өзгөр-түүсүнө карата инварианттуу болгон чоңдуктар каралат. Инварианттуулук сакталуу закондор менен тыгыз байланышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]