Инвестициялоонун уюштуруу-укуктук шарттары

Википедия дан

Инвестициялоонун уюштуруу-укуктук шарттары - Инвестициялардын перспективалык максаттарына жетүүдө инвестиция ишинин мыйзам чыгаруучу жана нормативдик базасын түзүү жана өркүндөтүү, зарыл уюштуруу иш чараларын жүргүзүү маанилүү орунду ээлейт, алардын негизгилери инвестицияларды финансылык, валюталык, салыктык, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамдардын туруктуулугу; укук нормаларында болгон өзгөрүүлөр жөнүндө ишкерлерге өз убагында билдирип туруу; инвесторлорду башкаруу органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен коргоочу процедураларды жана механизмдерди иштеп чыгуу болуп эсептелет. Инвестициялык мыйзам мамлекеттеги инвестициялык жагдайды аныктоочу негизги фактор болуп эсептелет жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого чакырылган. Инвестициялык мыйзамды иштеп чыгууда жол берилген жаңылыштыктар мамлекет узак мөөнөткө потенциалдуу инвесторлордун ишениминен ажырап кала турган жагдайга алып келери дүйнөлүк практикадан белгилүү. Кыргызстанда чет өлкөлүк инвестиция ишин турмушка ашыруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу негизги нормативдик-укуктук акт КРдин 1998-жылдын 14-майындагы толуктоолор менен 1997-жылдын 24-сентябрындагы «Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө» мыйзамы болуп эсептелет. Бул мыйзам Кыргызстандагы чет өлкөлүк инвесторлор үчүн улуттук режимди белгилейт, башкача айтканда кайсы формадагы болбосун инвестицияларды жана КРдин мыйзамдарына кайчы келбеген ишмердикти Кыргызстандын жарандарынын жана юридикалык жактарынын инвестицияларына берилгенден да кыйла жагымдуу шартта жүзөгө ашыруу укугун берет. «Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө» мыйзам менен катар КРде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана республикадагы чет өлкөлүк инвесторлордун иштөөсүнө жагымдуу шарт түзүүгө багытталган бир катар нормативдик актылар иштейт. Чет өлкөлүк капиталды жигердүү пайдалануу максатында артыкчылыктуу багыттар белгиленип, ал багыттардагы салымдар кубатталууга тийиш. Дүйнөлүк практикага ылайык, чет өлкөлүк капиталды кабыл алуучу өлкө катары Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк инвестицияларды жайгаштырууда чектөөлөр белгиленүүгө тийиш. Чет өлкөлүк инвестициялар үчүн тармактар менен региондордун тизмесин иштеп чыгуу зарыл. Чет өлкөлүк жигердүүлүктү кайра жаратуу үчүн орто мөөнөттүү перспективада төмөнкүдөй чаралар жүргүзүлөт: биринчиден, материалдык өндүрүш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө соодаортомчулук жана кызыл кулактык чөйрөдөн капиталдын келүү процессин мамлекеттик колдоону камсыз кылуу зарыл. Экинчиден, калктын аманаттарын инвестициялоонун өсүшүнө жардам берүү маанилүү. Бул үчүн банктар жана башкалар финансы структураларынын финансылык абалы жөнүндө жетиштүү жана туура маалымат берилишине көзөмөлдүк кылуунун негизинде салымдарга кепилдик даражасын жогорулатуу керек. Үчүнчүдөн, тездетилген амортизация методун тандап алууну структуралык саясат менен айкалыштыруу зарыл, бул метод жогорку технол. өндүрүштөргө, ошондой эле артыкчылыктуу өндүрүш курамына кирген бардык өндүрүш тармактарына жайылтылууга тийиш экендигин көңүлгө алуу керек. Прогрессивдүү структуралык-технологиялык кайра түзүүлөргө жана социалдык мүнөздөгү милдеттерди да, жеке инвестицияларды да мамлекеттик стимулдаштырууга багытталган мамлекеттик инвестициялык саясат зарыл. Кыргызстандын экономикасынын андан ары өнүгүү жана өсүү тенденциясы көп жагынан тышкы ресурстардын келиши менен аныкталат. Мамлекеттин кепилдиги менен келип жаткан инвестициялык агымдар мамлекеттин тышкы карызды тейлөө мүмкүнчүлүгү менен аныкталат. Ошондуктан программалык инвестициялык долбоорлордон түз инвестицияларга өтүү Кыргызстандын алдында турган негизги милдеттердин бири болуп эсетелет. Жеке инвестициялар үчүн жагымдуу шарт түзүү жөнгө салынган мамлекеттик саясатты талап кылат. Маалыматтык камсыз кылуу, инвестиция сервиси жана башкалар инвесторлор үчүн ыңгайлуулук түзүүчү көп башка жагдайлар мындай шарттын компоненттери болуп эсептелет. Бул милдеттерди аткаруу үчүн сервис борборун түзүү эң маанилүү, ал кызмат көрсөтүүлөрдүн толук топтому менен потенциалдуу инвесторлорду камсыз кылып, инвестициялардын дүйнөлүк рыногунда Кыргызстанды жарнамалайт, чет өлкөлүк да, жергиликтүү инвесторлорго республикада бизнес уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн толук маалыматын берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]