Инвестициялык суроо-талаптын функциясы
Инвестициялык суроо-талаптын функциясы. Инвестицияларга кеткен чыгымдардын натыйжасында ишкерлер алууну күтүп жатышкан таза пайданын күтүлгөн нормасы (инвестициялоонун түрткү берүүчү себеби) жана проценттин реалдуу үстөгү инвестицияларды аныктоочу факторлор болуп эсептелет. Инвестициялык суроо-талаптын функциясы проценттик үстөк жалпы инвестициялардын деңгээлинин ортосундагы тескери көз карандылыкты чагылдырат: l=e-dR мында: e – R0 учурундагы инвестициялардын максималдуу мааниси, d инвестициялык суроо-талаптын функциясынын жантаюу бурчунун коэффициенти, R проценттинк үстөктүн реалдуу чоңдугу.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5