Инвестициялык талаштар
Көрүнүш
Инвестициялык талаштар – башка мамлекеттердин мамлекет менен юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча 1965-жылы Вашингтондо кабыл алынган (Вашингтон Конвенциясы) Конвенцияга кол коюлуу менен илимий айланууга киргизилген түшүнүк; мамлекет менен чет өлкөлүк жеке адамдын ортосундагы чет өлкөлүк инвестицияга байланыштуу талаштардын өзгөчө категориясы. Эреже катары, чет өлкөлүк жеке менчикти улутташтыруу же бир тарабы мамлекет же бийлик органынын милдеттери берилген мамлекеттик уюм, ал эми экинчи тарабы – чет өлкөлүк жеке ишкер болгон келишимдерди бир тараптуу токтотуу боюнча талаштар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |