Инга Левченко

Википедия дан

Левченко Инга Евгеньевна (1935-ж. т., Россиянын Омск ш.) - артист, балетмейстер, педагог, проф. Кыргыз ССР искусствосуна эмгек синирген ишмер (1987).

  • 1954-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык -хореографиялык окуу жайынын хореография бөлүмүн педагог Б. Бейшеналиеваңын классынан бүтүргөн.
  • 1958-ж. Бурятиянын опера жана балет театрында иштеген.
  • 1963-ж. Москвадагы мамлекеттик А. В. Луначарский атындагы театр институтунун режиссёрдук хореография факультетинин педагог-балетмейстер адистигин бүтүргөн.
  • 1964-жылдан Кыргыз улуттук академиялык ,А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында. СССР эл артисти Б. Бейшеналиева, А. Токомбаева, Ч, Базарбаев, Кыргыз Pecп-касынын эл артисти Р. Чокоева, У. Сарбагышев, Б. Алибаев, С. Түкбулатова, А. Нуртазин, К; Сыдыков, эмгек сиңирген артисти С, Мрлдобасанова, А. Баетова, Б. Суслов. С. Кубатова, А. Тумакова, Д. Еийсеев ж. б. менен бирге иштешип, бий классынан сабак берет. СССРдин, Кыргыз Республикасынын Маданият министерликтеринин жолдомосу менен (1973-77) Египеттин, Ирандын Рудаки - Холл театрларында А. Адавдын «Жизель», П. Чайковскийдин «Щелкунчик», «Ак куу көлү» аттуу балеттеринде жана хореографиялык концерттик программаларын көрсөткөн.
  • 1993-жылдан театрда иштөө менен бирге Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда хореография кафедрасында иштейт.
  • 1999-ж. доцент, 2001-ж. проф. Бир нече атайын окуу программаларынын жана биргелешип жазган «30 классикалык вариация» деген көлөмдүү илимий Эмгектин автору.
  • «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.