Индия Улуттук Конгресси(ИУК)

Википедия дан

Индия Улуттук Конгресси(ИУК) – Индиядагы эң ири саясий партия. 1885-ж. декабрда түзүлгөн. 1907-жылдан ал «аша чабуучулар» жана «ортозаарлар» болуп экиге бөлүнүшкөн. Б. Тилак башында турган «аша чабуучулар» бийликке улуттук-боштондук күрөштүн натыйжасында жетүүнү көздөшсө, «ортозаарлар» ага колониялык бийлик менен жакындашуу аркылуу акырындап ээ болуу керек деген пикирди жетекчиликке алышкан. 1916-ж. «аша чабуучулар» өз уюмун бекемдей албагандан кийин, ИУКка кошулууга аргасыз болгон. Индиядагы улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн мезгилде (1918-22) ИУК жалпы элдик партияга айланган. ИУКтун программасынын негизин гандизмдин принциптери түзгөн. Башында М. К. Ганди турган ИУК өзүн өзү башкарууга «тынчтык жана мыйзам жолу менен жетүү керек» деп жарыялаган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде ИУК антиимпериалисттик кыймылга жетекчилик кылган. Согуш аяктагандан кийин Улуу Британия Индияга көз карандысыздыкты берүүгө аргасыз көнгөн. Ага дүйнө жүзүндөгү улуттук-боштондук кыймылынын күчөшү жана ИУКтун чечкиндүү күрөшү себеп болгон. Индия көз карандысыз мамлекетке айлангандан (1947) кийин ИУК башкаруучу партия болуп таанылган. Көз карандысыз Индияда ИУК Ж. Неру башында турган (1947-64) өкмөттү түзүп, 1948-ж. агрардык, административдик реформалар турмушка ашырыла баштаган. 50-жылдардын башында ИУКтун ичинде пайда болгон ар түрдүү агымдар менен топтордун күрөшү күчөгөн. Ж. Неру өлгөндөн кийин партияда «оңчул» агым күч алган. 1969жылдын аягында ИУК экиге бөлүнүп, бийликке И. Ганди келген жана 1971-жылдагы парламентке кезексиз шайлоодо демокр. күчтөрдүн колдоосу менен ИУК жеңишке ээ болгон. 1977-жылдагы шайлоодо ИУКтун бир катар жетекчилери (И. Ганди) парламентте жеңишке ээ болбой калгандыктан, М. Десан башында турган жаната партиясы шайланган. 1980-жылдагы шайлоодон кийин ИУК жетекчилери кайрадан бийликке келген. 1980-84-ж. И. Ганди, 1984-91-ж. Р. Ганди, 1991-жылдан Н. Рао.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]