Мазмунга өтүү

Индия рупийи

Википедия долбоорунан
Индия рупийи

хинди भारतीय रुपया

Индия рупиясынын банкноттору Индия рупиясынын тыйындары
Индия рупиясынын банкноттору Индия рупиясынын тыйындары
Коддор жана белгилер
Символдор
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент Индия

Бутан Непал

Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 50 пайс, 1, 2, 5, 10, 20
Банкноттор 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Индия Резервдик банк
https://www.rbi.org.in
Банкнота өңдүрүүчү Security Printing & Minting Corporation of India Limited
https://www.spmcil.com/en/
Индия рупийи Уикиказынада

Индия рупийи (англ. Indian Rupee хинди भारतीय रुपया ) Индиянын улуттук акча бирдиги. Бир рупий 100 пайсага бөлүнөт жана ISO 4217 стандартындагы валюта коду — INR, ал эми сандык коду — 356. Индиядан тышкары, "рупия" аталышындагы акча Пакистан, Шри-Ланка, Непал, Сейшел аралдары, Маврикий, Индонезия (рупия) жана Мальдив аралдарында (руфия) колдонулат.

Индия рупиясынын белгиси акча операцияларында жана экономикалык күч-кубатында Индиянын эл аралык өзгөчөлүгүн чагылдырат. Бул белги индиялык этностун аллегориясы болуп саналат. Белги Деванагари жазуусундагы "Ра" тамгасы менен латын алфавитиндеги чоң "R" тамгасынын айкалышы болуп, үстүндө эки параллель горизонтал сызыктар жайгашкан. Бул сызыктар улуттук желекти жана "тең" белгисин билдирет. Индия рупиясынын белгиси Индия өкмөтү тарабынан 2010-жылдын 15-июлунда кабыл алынган. Бул белгини Индиянын Технология Институтунун (IIT) Дизайн борборунун бүтүрүүчүсү Удая Кумар иштеп чыккан. Ал Финансы министрлиги тарабынан индиялык жарандар арасында өткөрүлгөн ачык сынакка келген миңдеген концепциялардын ичинен тандалып алынган.

Индия рупийи байыркы санскрит тилинен которгондо «чекандалган күмүш» дегенди билдирет. Башкача айтканда, бул күмүш тыйын болгон. Рупий Индиянын аймагында алгач 1542-жылы күмүш тыйын түрүндө пайда болгон. Бул легендарлуу түндүк Индиянын башкаруучусу, Фарид-хан ибн Хасан, башкача аталышы менен Шер-хан же Шер-шахтын бийлиги учурунда болгон. Рупийлер жогорку сапаттагы күмүштөн жасалып, салмагы 11,5 граммга жеткен ири тыйындар эле.

Централдашкан бийликтин алсырашынан жана Улуу Британиянын Индия аймактарына таасири күчөшүнөн улам рупийлерди Британдык Ост-Индия компаниясы да чыгара баштаган. Бир нече кылымдар бою ар кандай аймактар өздөрүнүн тыйындарын чыгарып тургандыктан, Индияда бир эле учурда бир нече түрдөгү рупий колдонулуп келген. XIX кылымда, тактап айтканда, 1835-жылы рупий бирдиктүү болуп, алар Британ Империясынын монархтарынын сүрөттөрү түшүрүлгөн түрдө чекандала баштаган. 1861-жылдан баштап, рупий банкнотторун чыгаруу укугу Британ өкмөтүнө гана берилген. Ал эми 1935-жылы жаңыдан негизделген Индиянын Резервдик банкы индия рупийлерин чыгара баштаган.

₹2,000 рупий

Учурдагы бардык индия рупий банкнотторунда Махатма Гандинин сүрөтү түшүрүлгөн.

Индия рупий банкноттору жаңы дизайндар менен бат-баттан жаңыланып турат, жана Махатма Гандинин сүрөтү алардын дээрлик бардыгында кездешет. 2016-жылы ири акчалай реформалардын алкагында, Индия өкмөтү жаңы рупий банкнотторун киргизген. Бардык жаңы банкноттордо Махатма Гандинин сүрөтү бар эле. Бул жаңы банкноттор мурдагы версияларга караганда кичирээк өлчөмдө болгон.

2016-жылы киргизилген жаңы банкноттор ар бир номинал үчүн өзүнчө түстөр менен чыгарылган:

  • ₹5 – жашыл.
  • ₹10 – күрөң.
  • ₹20 – сары.
  • ₹50 – көгүш жашыл (циан).
  • ₹100 – лаванда (кочкул күлгүн).
  • ₹200 – кызгылт сары.
  • ₹500 – боз.
  • ₹2,000 – кызыл-күлгүн (магента).

Рупий банкнотторунун алдыңкы бетинде номиналдар хинди жана англис тилдеринде басылып чыккан. Ал эми арткы бетинде номиналдар 15 ар түрдүү тилде көрсөтүлгөн. Хинди жана англис тилдери улуттук өкмөт тарабынан расмий тилдер катары колдонулганына карабастан, Индиянын Конституциясы 22 аймактык тилди тааныйт. Ар бир штат өзүнүн расмий тилин аныктоого укуктуу. Рупий банкнотторунда бул тилдердин көпчүлүгү чагылдырылган.

Индияда акча эки формада жүгүртүлөт, тагыраагы:

  1. Акча купюралары
  2. Тыйындар
Cүрөт Номинал Диаметр Сейрек колдонулган купюралар
₹1
₹2
₹5
₹10 Көп колдонулган акча купюралары
₹20 129 x 63 mm
₹50 135 x 66 mm
₹100 142 x 66 mm.
₹200 146 x 66 mm
₹500 150 x 63 mm
₹2000 166 x 66 mm

Индиялык рупиянын күчтүүрөөк наркы болгон өлкөлөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]