Индстан аралы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Индстан аралыАзиянын түштүгүндөгү жарым арал. Анда негизинен Индия жайгашкан. Аянты 2 млн км2дей. Батышынан Араб деңизи, чыгышынан Инди океанынын Бенгал булуңу менен чулганат. Түндүк чеги Инд дарыясынын дельтасынан Гангдын дельтасына өткөн шарттуу сызык. Жээги көбүнчө жапыз, булуң-буйткалары аз, жээк бойлой кууш аллювий түздүктөрү созулуп жатат. Индстандын ички аймактарын Декан бөксө тоосу ээлейт; анын көтөрүңкү батыш четинде Араб деңизин карай тик түшкөн Батыш Гат тоолору, чыгышында Чыгыш Гат тоолору орун алган. Эң бийик тоо массивдери Анаймалай (Анаймуди чокусу, бийикт. 2698 мге чейин), Нилгири, Кардамон тоолору Индстандын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Жарым арал байыркы, кембрийге чейинки Инди (Индстан) платформасынын бир бөлүгү. Платформа, ошондой эле Инд, Ганг, Брахмапутра дарыясынын ортоңку жана жогорку алаптарын, Шри-Ланка аралын камтыйт. Таш көмүр, темир, марганец кендери бар. Климаты субэкватордук, муссондук, жайы жаан-чачындуу. Январдын орточо температурасы 21-29°С, майдыкы 3040°С. Жылдык жаан-чачыны ички аймактарда 500-700 мм, тоолордун айдарым капталдарында 3000 ммге чейин. Дарыялары (негизгилери Нарбада, Тапти, Маханади, Годавари, Кришна) жай-күз мезгилдеринде кирип, ташкындайт. Негизинен сугатка пайдаланылат. Гат тоолорунун сырткы капталдарында нымдуу дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө муссон токою, ички аймактарда саванна тибиндеги өсүмдүктөр, дарыялардын дельталарында мангр токою басымдуу. Декан бөксө тоосунун көп бөлүгү жана деңиз жээгиндеги ойдуңдары айдалган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]