Инерция навигациясы
Инерция навигациясы — ар кандай объектилердин (кеме, учак, ракета ж. б.) кыймылынын координаталары менен параметрлерин аныктоо, алардын инерция касиетине негизделген жана жекече кыймылын башкаруу ыкмасы, б. а. тышкы багыттоону же сырттан түшкөн сигналдардын болушун талап кылбаган ыкма.
Навигация маселелерин чечүүнүн кадимки ыкмасы тышкы багыттоочу же сигналдарды (мис., жылдыз, маяк, радиосигнал ж. б.) пайдаланууга негизделген. Бул ыкма абдан эле жөнөкөй, бирок айрым учурда чоң ылдамдыктагы (мис., космоско учууда) кыймыл үчүн зарыл тактыкты бере албайт. Анткени навигация жүргүзүүгө айлана-чөйрөнүн начар көрүнүшү жана радиокедергилер жолто болот. Инерция навигациясы ыкмасы кемчиликсиз навигация системасын түзүү максатында пайда болгон.
Инерция навигациясынын принциби механиканын Ньютон негиздеген закондоруна таянат, анткени эсептөөнүн инерциялык системасына карата нерселердин кыймылы (жылдыздарга карата Күн системасынын чегиндеги кыймыл) ошол закондорго баш иет. Инерция навигациясыны жүргүзүүдө акселерометр, эсептөөчү түзүлүштөр, гироскоп приборлору колдонулат. Бул ыкма кеме, суу асты кайыгы, самолёт, космос аппаратынын кыймылын башкарууда кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.