Мазмунга өтүү

Инжекция лазери

Википедия — ачык энциклопедия

Инжекция лазери – аргасыз нурлантуу кубулушун колдонуп жарыкты күчөтүүчү жарым өткөргүч куралы.

Инверсиялуу жайгаштырылышты түзүү үчүн р-n- өтүүсү аркылуу ашыкча электрондордун жана көңдөйчөлөрдүн инжекциясы колдонулат. Жарым өткөргүчтөрдө электрондор менен көңдөйчөлөрдүн концентрацияларынын теңсалмактанбаган абалын түзүү импульстук электр талаасы, күчтүү жарык булактары жана электрон нурлары менен ишке ашырылат. Жарым өткөргүч лазери өтө чоң оптикалык күчтөнүүгө ээ болгону менен алардын активдүү аймагынын өлчөмдөрү өтө кичине.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]