Инклинатор

Википедия дан

Инклинатор (лат. inclino эңкейтем) – магниттик эңкейишти өлчөөчү курал. Инклинатордун жебелүү жана индукциялуу эки түрү бар. Жебелүү Инклинатор горизонт багытындагы ок темирге бекитилген, айланып туруучу магнит жебесинен турат. Мында магниттик эңкейиш ±2 тактыкка чейин аныкталат. Магниттик эңкейиш өтө жогорку тактыкта аныкталган индукциялуу инклинатордун иштеши Жердин магнит талаасынан айлануучу түрмөктө индукциялык токтун (ЭДС) пайда болушуна негизделген. Мында кошумча гальванометр да пайдаланылат. Феррозонддуу инклинатор да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]