Инкорпорация

Википедия дан

Инкорпорация (лат. incorporatio – өз курамына киргизүү) – колдонулуудагы укукту жыйнакка же укук актыларына хронологиялык, алфавиттик же башка тартипте (м.: укук тармактары боюнча) бириктирүү жолу менен иреттештирүү ыкмасы. Кодификациялоодон айырмаланып бул укук актыларынын мазмунун жаңылоо максатын көздөбөйт. Ошентсе да И. укук актыларынын адегендеги текстине кийинки ырасмий өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө, жокко чыгарылган ченемдери алып салууга, дал келбөөчүлүктөрдү, карама-каршылыктарды ж. б. табууга мүмкүндүк берет. И. ырасмий жана ырасмий эмес болуп бөлүнөт. Эларалык келишимдердин текстеринде «И.» аталгысы кээде макулдашуунун негизинде бир мамлекетти башка мамлекеттин курамына кошконун билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]