Мазмунга өтүү

Инкрустациялык стиль

Википедия — ачык энциклопедия

Инкрустациялык стиль – XI–XIII кылымдар Тосканада, Борбордук Италияда, өнүккөн роман стилиндеги архитектуранын багыты. И. с-дин курулуштары (Сан-Джованни баптистерийи 1059-ж. ыйык деп таанылган, Сан-Миньято аль Монте чиркөөсү, 1014–1207, Флоренция) өздөрүнүн пропорциясынын бай гармониялуулугу (төп келишкендиги), жасалгасы, түстүү мрамор менен басылып кооздолгону менен айырмаланып турат. И. с-дин имараттарына антик үлгүлөрү боюнча жасалган, жеңил жасалгалык аркадалар, шаңдуулук менен аземдүүлүктү берип турат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]