Инновациялык ишмердикти өнүктүрүүнүн дүйнөлүк багыттары

Википедия дан

Инновациялык ишмердикти өнүктүрүүнүн дүйнөлүк багыттары. КРдин концептуалдык деңгээлдеги экономикалык стратегиясында дүйнөлүк чарбанын азыркы системасын калыптандырууда басымдуу роль ойноочу эволюциялык багыттар эске алынышы керек. Өнүгүп келе жаткан ар бир өлкөнүн алдында, андан алгач Кыргызстандын алдында да өз ара байланыштуу эки милдет: бирдиктүү ички рынокту түзүү үчүн зарыл өсүү баскычы катары импорт алмаштыруучу саясатты аны жаңыча түшүнүү көз карашында жүргүзүү жана бир эле мезгилде эмгекти эл аралык бөлүштүрүүгө катышуунун экспорттук өнөр жай вариантын жүзөгө ашыруу турат. 21-кылымдын интеллектуалдык менчиктин жыйынтыгы түрүндөгү товары калыптанып, технологиялар менен лицензиялардын рыногу өнүгүүдө. Өнөр жай менчигин коргоо системасы өнүккөн өлкөлөрдүн милдеттүү атрибуту болуп саналат жана муну менен катар технологиялык саясат (мисалы, АКШныкы), ал төмөнкүлөргө багытталган: •ишкердик чөйрөнү түзүүгө, анда инновациялардын жана продукциянын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатууга жеке сектордун ишмердигинин дүркүрөп өсүшүн шарттайт; •технологияларды өнүктүрүүнү, коммерциялаштырууну жана пайдаланууну колдоого; •өнөр жайларга көмөк көрсөтүү жана сооданы өнүктүрүү максатында 21-кылымдын дүйнөлүк класстагы технологияларын инвестициялоого; •аскердик жана жарандык милдеттерди натыйжалуу чечүүгө жарамдуу аскердик жана өнөр жай технологияларын интеграциялоого; •тез өзгөрүп туруучу кырдаалда жана экономикалык билимдерге негизденип иштөөгө жөндөмдүү дүйнөлүк деңгээлдеги жумушчу күчүн калыптандырууга; •өлкөнүн экономикалык күч-кубаттуулугун түзүү максатында технологияларды пайдаланууга багытталган улуттук технологиялык саясатты жеке сектор менен өнөктөшүп иштеп чыгууга жана аны жактоого; •өнөр жайларына технологияларды, ченөө жана стандарттар системаларын өнүктүрүү боюнча көмөк көрсөтүүгө. Дүйнөлүк экономика менен өнөр жайынын өндүрүштүк-технологиялык сектору, өзгөчө жогорку технологиялар чөйрөсүндө, өзүнүн мазмуну боюнча глобалдуу болуп баратат. Жогорку өндүрүмдүү жана энергия үнөмдөгүч технологияларды иштеп чыгуу; алардын негизинде жогорку технологиялык товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүүлөр, алар менен дүйнөлүк рынокко чыгуу, ушул тармакта эл аралык интеграцияны кеңейтүү Батыш Европанын өнөр жай өнүккөн көптөгөн өлкөлөрү үчүн, АКШ, Япония жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү үчүн экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы болуп калды жана алар иш жүзүндө жаңы экономикалык үлгүнү калыптандырышты. Анын негизи өнөр жай өнүккөн өлкөлөрдүн улуттук инновациялык системалары (УИС) болуп калды. 21-кылымдын аягындагы дүйнөлүк экономикалык ишмердиктин инновациялык чөйрөсүндөгү жалпы багыттар: •жаңы билимдерди табуучулардын (өндүрүүчүлөрдүн) санынын өсүшү жана атаандаштыктын күчөшү: •товар өндүрүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жаңы билимдерди табуучуларга (өндүрүүчүлөргө) көз карандылыгынын өсүшү; •УИСтин кыйла динамикалуу бөлүгү катары кичи ишканалардын маанисинин жогорулашы; •жаңы билимдерди жана технологияларды жаратуучу жогорку квалификациялуу адистердин тартыштыгы жана акыркы продукцияны өндүрүүчүлөргө карата квалификациялык талаптардын жогорулашы; •эмгекти эл аралык бөлүштүрүүнүн жана товар өндүрүүчүлөр менен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана технологиянын ээлеринин ортосунда кошумча наркты кайрадан бөлүштүрүүнүн натыйжасы катары дүйнөлүк экономиканын илимийөндүрүштүк секторун глобалдаштыруу. КМШ өлкөлөрүнүн рыногун чет өлкөлүк товарлар үчүн ачуу илим сыйымдуу улуттук продукцияга карата суроо-талаптын төмөндөп кетүүсүнө, анын ички рыноктон сүрүлүп чыгышына алып келди. Бир катар тармактарда артта калуулар калыбына келбес мүнөзгө айланууда, ал эми заманбап технологиялык деңгээлди өздөштүрүүгө жана колдоого зарыл чыгымдар ушунчалык көп болгондуктан, анын ордуна чет өлкөдөн даяр продукцияны импорттоо көп учурда пайдалуу боло баштады. Инновациялык продукцияга суроо-талаптын төмөндөй баштаган шартында өндүрүштө техникалык жактан кыйла жөнөкөй, арзан продукция артыкчылыкка ээ болуп, илим сыйымдуу продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн кескин кыскартууда. Технологиялык өзөгү электрондук өнөр жай, эсептөө жана оптика-була техникасы, программалык камсыздоо, телекоммуникация, робот куруу болуп саналган өндүрүштүн көлөмү төмөндөөдө. Инновациялык процесстерди аткаруунун жолундагы башкы тоскоолдуктар: •борборлошкон каржылоонун чектелгендиги; •ишканалардын өз каражатарынын жетишсиздиги; •ата мекендик банк капиталы, чет өлкөлүк инвесторлор тар, ошондой эле пайдаланылбай жаткан каражаты бар калк үчүн тобокелчилиги өтө жогору узак мөөнөттүү салымдарга жагымдуулуктун жетишсиздиги; •рыноктун товар өндүрүүчүлөрдүн талаптарына жооп берген кеңири инфраструктурасынын жоктугу болуп саналат. КМШ мамлекеттери 3-4 жылдан кийин өз өлкөлөрүнүн экономикасынын муктаждыктарын өз күчү менен улуттук илимий-техникалык потенциалдын жардамы менен камсыз кылууга жөндөмсүздүк маселесине туш келүү кырдаалы келип чыга тургандыгы улам чындыкка айланып баратат. Бул КМШ мамлекеттерин өздөрүнүн ички көйгөйлөрүн техниканы жана технологияны учуру менен сатып алып туруунун эсебинен чечүүгө кириптер кылат жана муну менен бирге алар сырткы булактарга көпкө чейин технологиялык көз карандылыкка кабылышат, бул болсо акыр аягында өлкөнүн улуттук коопсуздугунун начарлоосуна алып келет. Ошондой болсо да КМШ өлкөлөрүндө экономиканын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жарамдуу бир катар тармактар азырынча сакталып калган. Бул колдо бар бир топ илимий-техникалык потенциалды натыйжалуу пайдалануунун негизинде мамлекеттер аралык инновациялык саясатты калыптандырууга жана жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. 1995-ж. 3-ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн катытуучуларынын жалпы илимий-техникалык мейкиндикти түзүү жөнүндөгү макулдашуусуна кол коюшуп, КМШ өкмөттөрүяүн (Түркмөнстандан бөлөктөрү) башчылары экономикалык кызматташуунун эң маанилүү артыкчылыгы катары илим жана технологиялар тармагындагы интеграцияны өнүктүрүүнү белгилешкен. Макулдашууну жүзөгө ашыруу Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык координациялык кеңеш, Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңеш жана башкалар тармактык кызматташуунун башка органдары менен тыгыз байланышта төмөнкү багыттарда жүргүзүлүүдө: 1) жалпы илимий-технологиялык мейкиндиктин ченемдик-укуктук базасынын негизин калыптандыруу; 2) илимий-технологиялык чөйрөдөгү мамлекеттер аралык программалар менен долбоорлорду даярдоо жана кабыл алуу үчүн шарт менен камсыз кылуу; 3) жалпы илимий-технологиялык мейкиндиктин инфраструктурасын калыптандыруу боюнча шарт түзүү; 4) КМШ мамлекеттеринин аймагындагы бөтөнчө илимий объектилер менен курулмаларды натыйжалуу пайдалануу жолдорун табуу; 5) жалпы илимий-техникалык мейкиндикти калыптандыруу үчүн шарт натыйжалуу уюштуруу экономикалык механизмди түзүү жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]