Инновациялык саясатты экономиканын тармактарында жүзөгө ашыруудан күтүлүүчү жыйынтыктар

Википедия дан

Инновациялык саясатты экономиканын тармактарында жүзөгө ашыруудан күтүлүүчү жыйынтыктар. Экономиканын тармактарын илимий-техникалык жактан өнүктүрүүнүн инновациялык ишмердүүлүк менен байланышкан артыкчылыктуу багыттары төмөндөгүлөр болушу керек:

Байланыш жана маалымдоо тармагында:

  • Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү, калктын глобалдуу маалымат мейкиндигине кеңири чыгуусун камсыз кылуу;
  • маалымат ресурстарын, маалымат, билим базаларын жана маалымат инфраструктурасын өнүктүрүү;
  • маалымат-коммуникациялык технологияларды (МКТ) пайдалануу аркылуу натыйжалуу, ачык жана отчеттуу мамлекеттик башкаруу;
  • мамлекеттик органдардын МКТны пайдаланып, калкка маалыматгык кызмат көрсөтүүсү;
  • өнөр жайдын жогорку технологиялуу тармактарында жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жаңы жумушчу орундарын түзүү, маалыматтык продукт чыгаруунун жана сатуунун көлөмүн жогорулатуу, маалыматтык продуктуну жана ата мекендик өндүрүштүн кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү, алардын атаандаштыкка жарамдуулугун жана дүйнөлүк маалымат рыногуна чыгуусун жогорулатуу;
  • маалыматтык жана коммуникациялык кеңири кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен мектепке чейинки, мектептеги, жогорку жана кесиптик билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу, үй-бүлөлөрдү массалык компьютерлештирүүнү өнүктүрүү;
  • маалымат чөйрөсүнүн объектилеринин маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу;
  • экономиканын жеке секторун маалыматтоо процессине активдүү катышууга тартуу жана ата мекендик ишкерлик структураларынын, биринчи кезекте чакан жана орто бизнеске ишмердүүлүктүн багыттарын эркин тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9