Инсанга каршы кылмыштар
Көрүнүш
Инсанга каршы кылмыштар – кол салуу объектиси боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмыштардын бир түрү. КР кылмыш-жаза мыйзамдары И. к. к-ды төмөндөгүдөй бөлүштүрөт: өмүргө жана денсоолукка каршы кылмыштар (киши өлтүрүү, өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү, уруп-сабоо, кыйноо ж. б.); инсандын эркиндиктерине, абийирине жана арнамысына каршы кылмыштар (адам уурдоо, ушактоо, мазактоо); инсандын жыныстык колтийгистигине жана жыныстык эркиндиктерине каршы кылмыштар (зордуктоо, бузуку аракеттерге баруу); адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар (жарандардын тең укуктуулугун бузуу, туракжайдын колтийгистигин бузуу); үйбүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар (жашы жете электерди сатуу, баланы алмаштырып коюу).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7