Мазмунга өтүү
Инсан сүрөсү
- Мединада түшүрүлгөн. Отуз бир айаттан турат.
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Албетте, кылымда инсан болбогон[1] убакыт да өткөн.
- 2. Биз адамды бир тамчы аралашма суйуктуктан жараттык. Аны сыноо үчүн Биз ага көрүү жана угуу жөндөмүн бердик.
- 3. Албетте биз аны, же момун, же каапыр абалда жолго салдык.
- 4. Биз каапырлар үчүн чынжырлар, кишендерди жана жалындуу От дайардап койгонбуз.
- 5. Жакшылар[2] болсо чөйчөктөрдөн жыпар жыттуу «каафуур» аттуу суусундуктарды ичишет.
- 6. Алланын пенделери ал булакты каалаган жерден чыгарып алышып ичишет.
- 7. Алар убадаларын аткарышып, жамандыгы жайылган күндөн коркушат.
- 8. Алар[3] өздөрү ачка болуп турса да жетимдер, туткундар жана жакырлар менен ырыскыларын бөлүшүшөт:
- 9. «Биз силерден ыраазылык да, сый да күтпөстөн Алланын ыраазычылыгы үчүн гана тойгузабыз,
- 10. Биз Эгебизден жана беттерди бырыштыруучу оор Күндөн[4] коркобуз», – (дешет).
- 11. Алла аларды ал Күндүн жамандыгынан сактап, анан аларды нурдуу жана кубанычтуу кылды.
- 12. Алардын сабырдуулугу үчүн Бейиш жана жибек[5] менен сыйлады.
- 13. Алар Бейиште, орундуктарда жөлөнгөн абалда күндүн аптабын да, ызгаарды да көрүшпөйт.
- 14. Аларга көлөкө да жакын болуп, жемиштери ылдый салаңдап турат.
- 15. Аларга тамактар тунук күмүш чөйчөк-идиштер менен алып келинет.
- 16. Суусундуктар (болсо) күмүштөн айнектей жука чөйчөктөр менен керектүү өлчөмдө гана ичилет.
- 17. Аралашмасы «занжабил» аттуу суусундукту чөйчөктөрдөн (ичишет).
- 18. Жана ошол жерде агып турган «Салсабил» аттуу булактан суу ичишет.
- 19. Алардын айланасында түбөлүк жаш боз уландар кызмат кылышат. Силер аларды көргөн кезде чачып жиберилген бермет маржандарыбы[6] деп ойлойсуңар.
- 20. Качан гана (Бейишке) карасаң түгөнгүс жакшылыктарды жана зор байлыкты көрөсүң.
- 21. Жука жана калың, жашыл жибек кийимдерди кийип жүрүшөт. Колдорунда – күмүштөн билериктер. Алла аларды Бейиштин суусундуктарына кандырат.
- 22. Анткени бул силердин аракетиңер (Алла тарабынан) кабыл болгондуктан жана Кудайдын мындай сыйына сооп иштериңерден улам татыктуу болдуңар.
- 23. Биз сага[7] Куранды бөлүк-бөлүк кылып түшүрдүк.
- 24. Сен Эгеңдин буйруктарын сабырдуулук менен аткар. Алардын күнөөгө баткандарынын жана каапыр болгондорунун тилине кирбе!
- 25. Эртели-кеч Жаратканыңды даңкта!
- 26. Түндө[8] болсо Ага сежде кылып, узак убакыт (Аны) аруулагын.
- 27. Албетте, алар[9] (убактылуу) дүйнөнү сүйүшөт, оор Күндү болсо артына ташташат[10].
- 28. Биз аларды[11] жаратканбыз, дене-бойун кубаттуу кылганбыз. Бирок Биз кааласак аларды өздөрүнө окшоштор[12] менен алмаштырып койобуз.
- 29. Албетте, бул сүрө – силерге насаат! Эгер ким кааласа, Алланын жолуна түшсүн.
- 30. Бирок Алла кааламайынча, силер каалай албайсыңар. Алла – баарын билип туруучу улуу Даанышман!
- 31. Ал Өзү кимди кааласа Өзүнүн мээримине киргизет, ал эми заалымдарга жан чыдагыс жаза камдап койгон.