Институттар

Википедия дан

Институттар – саясий тилде саясий жана социалдык кубулуштардын эки тибин түшүндүрөт:

  1. Уюштурулган структурасы, борборлоштурулган башкаруусу, аткаруучу аппараты бар саясий мекемелерди (бийлик Институттар өкмөт, мыйзам чыгаруу чогулушу, мамлекеттик же шаардык кеңеш, префектура жана башка).
  2. Cаясий функциялардын, мамилелердин, башкаруу түрлөрүнөн формалары жана маңызы: президенттиктин Институттар (президенттик бийликтин), өкүлчүлүктөн Институттар (башка айтканда парламент жана башка бийликтин өкүлчүлүк органынын мүчөлөрүн жана башка шайлоо процедурасы), партиялардын, ассоциациялардын Институттар (коомдун мүчөлөрүнүн кандайдыр-бир белги жана себептери боюнча топторго биригүүсү) жана башка Коомдун институтташтырылышынын даражасы жана мүнөзү, башка айтканда анда пайда болгон Институттардын саны жана алардын түзүлүшүнөн жеңилдиги коомдун тиби жана өнүгүү деңгээли, анын саясий системасы жана ассоциациялык турмушу, саясий жана башка группировкалардын түзүлүү эркиндиги жөнүндө күбөлөндүрөт.

Бул мамиледе бүгүнкү күндөгү демократтык мамлекеттер саясий жана коомдук структурасы формалдуу жана официалдуу Институттардын аздыгына такалган архаикалык жана авторитардык, айрыкча тоталитардык мамлекеттерден абдан айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9