Мазмунга өтүү

Интегралдоочу фотометр

Википедия — ачык энциклопедия

Интегралдоочу фотометр – жарык агымын аныктоочу аспап.

Анын жардамы менен булактын жарыгынын орточо сфералык күчү, б. а. булак чыгарган жарыктын толук агымы өлчөнөт. Интегралдоочу фотометрдин негизги бөлүгү ички бети агыш күңүрт боёк менен сырдалган көңдөй шар формасындагы фотометриялык шар. Шардын ичине изилденүүчү жарык булагы жайгашат. Изилденүүчү булактын түз нурунан жарыктанган шардын каалаган чекитинин жарыктанышы булактын жарык агымына пропорциялаш жана ал шарга орнотулган фотоэлементтин жардамы менен өлчөнөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]