Интерактивдүү кызмат

Википедия дан

Интерактивдүү кызмат (Online Service - Интерактивная служба). Акыркы кабарлар, аба ырайы жана саякат сыяктуу интерактивдүү кызматтар жөнүндөгү маалыматтарга кайрылуу үчүн байланыш кызматтарынын интерактивдүү програмдык жабдыгы колдонулат. Интерактивдүү мекемелер тиешелүү акыга чоң диапазондогу маалыматтар менен интерактивдүү камсыз кылууга жөндөмдүү. Айрым тейлөө мекемелери медицина, каржы же өнөр жайдын белгилүү тармагы боюнча маалыматтар менен камсыз кылып турушат. Дүкөнгө баруу дагы өзүнчө бир кызмат болуп саналат. Интерактивдүү сатып алуучулар буюмдар жөнүндөгү маалыматты окуп, аларды өзүнүн экранынан көрө алышат. Кредиттик кардча колдонулса, анда компьютерде отуруу менен ал буюмдарга заказ берүүгө болот. Азыркы учурда банктардын көпчүлүгү интерактивдүү банк иштерин сунуш кылууда. Колдонуулар өзүнүн компьютерин пайдаланып, акыркы аткарылган каржылоо иш аракеттерин көрүп, бир эсеп беттен экинчи эсеп бетке акча которот жана эсеп-кысап кагазы (счет) боюнча төлөөнү аткарат. Бул аракеттердин баардыгы берилиштерди жиберүүнүн програмдык жабдыктары менен аткарылат. Байланыш пакеттеринин белгилүүлөрүнө Pro-comm Plus жана Crosstalk кирет. Интерактивдүү кызматтар кээде маалыматтык кызматтар деп дагы аталат, анда тиешелүү акыга абоненттер үчүн маалымат түзүп, анын негизинде кызмат көрсөтүшөт. Абоненттер байланыш-катыш жабдууларын жана програмдык жабдыктарды колдонуп, кызмат көрсөткөндөрдүн системи менен байланышып, кызматтарын алышат. Кызматтарга электрондук банк иши, дүкөн, жаңылык, аба ырайы, мейманкана, авиа белеттерди резервдөө ж.б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. Башкы редактор Ү. Асанов; Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3