Интерактив такта

Википедия дан
Интерактив такта.

Интерактив такта (англ. interactive whiteboard) - компүтер жана проектор да кирген чоң системдин бөлүгү катары иштеген чоң сенсордук экран. Проектордун жардамы менен компүтердин иш тактасынын сүрөттөлүшү интерактив тактанын бетине проецияланат. Бул учурда такта экран катары кызмат кылат. Тактага проецияланган сүрөттөлүш менен иштөөгө, өзгөртүүгө жана белги коюуга болот. Бардык өзгөртүүлөр компүтердеги тиешелүү файлдарга жазылып, сакталат. Илгериде оңдоп түзөп же чечилме алып жүрүүчүлөргө жаздырып алса болот. Мындайда электрондук такта маалымат киргизүү түзмөгү иретинде колдонулат.

Тактаны атайын чыбык менен же манжаны тийгизип башкарууга болот. Бул тактанын өндүрүлүшүндө кандай технологиялар колдонулганына байланыштуу.

Такта менен компүтердин байланышы эки тараптуу, интерактив тактада манжа же калем (чыбык) болсо, чычкан катары иштейт.

Интерактив такталар мектептердин окуу класстардында сабакка компүтердик көмөк иретинде, тренинг-борборлордо, сүйлөшүү бөлмөлөрүндө жигердүү колдонулат.

Интерактив такта менен иштөөдө проектор сүрөттү документ-камерадан бере алат. Бул окуу жараянын көбүрөөк өзгөчөлөнтүүгө мүмкүндүк берет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]