Мазмунга өтүү

Интернационал (Ысык-Ата району)

Википедия — ачык энциклопедия
("Интернационал, Ысык-Ата району‎"‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Интернационал
РайонКыргызстан
Координаттар42°47′29″ с. ш. 74°54′49″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1925
Мурунку аталышыФриденфельд, Первое Мая
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы4250[1] адам (2023)
Сандык идентификаторлор
Почта индекси725010
Интернационал (Ысык-Ата району) (Кыргызстан)

Интернационал (орус. Интернациональное) —Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Интернационал айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 15 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чыгыш Чүй каналы өтөт. 1984-ж. Боз-Бармак жана Фриденфельд кыш. кошулуп, Интернационал аталган. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 3833 (2020); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто жана башталгыч мектеп, клуб, китепкана, бала бакча бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт.

жылы20092014202020212023
адам.2808[2] 3478[3] 3833[4] 3839[5] 4250 [1]

Калып:Kyrgyzstan-stub

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]