Интернет

Wikipedia дан
Интернеттеги тармактардын байланышынын болжолдуу абалы.

Интернет (англ. Internet, МФА: [ˈɪn.tə.net]) — Бүткүл дүйнөлүк телекоммуникация тармагы. Анын жардамы менен ар кандай форматтагы билдирүүлөрдү, маалыматты сактоону жана алмашууну ишке ашырса болот. Ошондой эле түрдүү кызыкчылыктар менен бириккен адамдардын виртуалдуу байланыш айдыңы. Бул максатты ишке ашыруу үчүн социалдык тармактар, тиркемелер, сайттар кызмат кылышат.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болуу тарыхы XX-кылымдын экинчи жарымына барып такалат.АКШнын Коргоо министрлиги согуш болгон учурда ишенимдүү маалымат алмашуунун бирдиктүү системин иштеп чыгууну чечип, Американын бир нече институттарына тапшырма берген.1957-жылы АКШнын коргоо министрлигинин алдында уюшулган Алдыңкы Изилдөө Долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат.Биринчи компьютердик тармак ARPANET деп аталып, АКШнын төрт илимий мекемесин бириктирген. Бул мекемелер Коргоо министрликке алдыңкы катардагы технологияларды иштеп чыгышкан. Алгачкы билдирүү ARPANET түйүнүнө LO деген тамганы жиберүүдөн башталат. Чындыгында LOGIN деген сөздү жөнөтүү пландалган. Бирок эки тамгадан кийин түйүн менен компьютердин ортосундагы байланыш үзүлүп кеткен.Ал эми 1971-жылы Bolt Beranek and Newman аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @-электрондук белгини иштеп чыгат.1973-жылы маалымат алмашуу тармагына Норвегия жана Улуу Британиянын ири уюмдары кошулуп, тармак эл аралык деп аталып калган.1982-жылы Арпанет TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан.1983-жылы ARPANET маалымат берүүдө жалпы протоколду (TCPIP) түзгөндөн кийин "Интернет" деп аталат. 1988-жылы кыскача тексттик билдирүүлөр (чат) менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон. 1990-жылы интернет "Дүйнөлүк желе" деп аталат. Анткени бир эле компьютерден дүйнөнүн булуң-бурчундагы маалыматтар менен таанышууга жол ачылган.Кыргызстанга болсо интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Алгач болуп интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган. Бул жылдардан тартып, Кытайда, Сауд Арабиясында, Иран, Египет диний жана саясий көз караштарга туура келбеген сайттарга чектөөлөр киргизилген.

Алгач пайда болгондо коммуникациялык технологиялардын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дүйнө боюнча 50 миллион угарман жана көрөрман топтосо, интернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде гана 50 миллион колдонуучусун топтой алган. Натыйжада интернет дүйнөдөгү эң бат жайылган жана эң оперативдүү маалымат булагына айланган.

Иштөөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернетке туташуу зымдуу жана зымсыз (спутник) болуп бөлүнөт. Дүйнөлүк интернет тармагынын каркасы – кубаттуулугу күчтүү хост-компьютерлерден турат. Алар күнү-түнү тынымсыз маалымат алмашууну камсыздайт. Хост-компьютерлер телефон, оптикалык була, кабель жана зымсыз (спутник) каналдар менен өз ара байланышта болот. Компьютерде, ноутбукта, лаптопто, планшетте жана уюлдук телефондо атайын браузерлер бар. Каалаган браузерге кирип, издеп жаткан маалыматтын дареги жазылат. Жазылган шилтеме провайдерге</ref>(интернет кызматын көрсөтүүчү)<ref> барат. Ал эми провайдер суралган маалыматтын дарегин серверге жөнөтөт. Сервер сакталган файлдардан изделген маалыматты алып, кайрадан провайдерге жөнөтөт. Провайдер браузерге жиберет. Ошентип браузер биз издеген маалыматты текст, видео жана фото түрүндө берет. Демек, бир же бир нече маалыматтардын компьютерде сакталып, провайдер жана браузер аркылуу берилиши интернет.

Браузерлер[оңдоо | булагын оңдоо]

Кардарларга керектүү маалыматты форматына карабай берүү үчүн атайын браузерлер (интернет барактарын иликтөөчү программа) иштелип чыккан. Эң популярдуу браузерлер Google Chrome, Internet Explorer, Mozilla Firefox, Safari жана Opera.

Домен аталыштары[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул браузерлердин жөнөкөй аталышы. Негизи браузерлердин, интернет баракчалардын аталышы бир нече сандан турат. Колдонуучуларга санга караганда тамга менен издөө жеңил болгондуктан домен аталыштар ойлонуп табылган. Издөө системине аталышты жазганда ал дароо эле компьютердин тилине, башкача айтканда, автоматтык түрдө сандарга алмашат да, серверге же хост-компьютерге (ар кандай көлөмдөгү папкаларды сактаган компьютер) жөнөтүлөт. Ал эми сандык аталыш IP дарек деп аталат

Статистикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Бүгүнкү күндө жер планетасынын 3 миллиарддан ашуун жашоочулары интернет кызматын пайдаланат. Алардын 2,4 миллиарды уюлдук телефон аркылуу интернетке туташкан. Дүйнө жүзү боюнча «Интернет ачкычы» 7 гана адамда бар. Бул сыр тамгалары бар электрондук карта. Глобалдык хакерлердин кол салуусуна дуушар болгондо АКШнын аскердик базасына билдирүү келет. Ал жерден ачкыч ишке кирип, бүткүл дүйнөлүк интернет тармагы өчүрүлөт. Интернет пайда болгон күндөн тартып 5 жыл ичинде 50 миллион адам колдонгон. Мындай аудиторияга жетүү үчүн телефондор – 75 жыл, радио – 38 жыл, телевидение – 13 жылда, ал эми Angry Birds оюну 35 күндө популярдуу болууга жетишкен.

Интернет колдонуучулар[оңдоо | булагын оңдоо]

2008-жылкы маалыматтарга караганда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонгондордун саны 1.4 миллиард адамга жеткен жана бул көрсөткүч убакыт өткөн сайын жогорулоодо. Дүйнөнүн башка бурчтарындагыдай эле Кыргызстанда да интернет колдонучуулардын саны күндөн күнгө артып өзгөчө Бишкек шаарында интернет кафелер жана алардын тармактары көбөйүү менен алек. www.neweurasia.net сайтынын берген маалыматтары боюнча учурда Кыргызстанда 760 664 интернет колдонуучу бар. Булардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Бишкектиктер болуп саналат.. Тагыраак айтканда интернет колдонуучулардын 77% Бишкекке, 10% Ош облусуна туура келет. Ал эми болгону колдонуучулардын 13% гана калган облус жана шаарларга тиешелүү.

Кыргызстанда[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанга интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Интернеттин 90 пайызын казакстандык 4 ири провайдерлер Орусиядан Кыргызстанга түз алып берет.Ошондой эле кыргызстандык интернет колдонуучулардын 32 пайызы жумасына 3-4 саат интернетте отурушса, 22 пайызы бир жумада 5-6 саат, 8 пайызы бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын барактоо менен өткөрүшөт.

Бүткүл дүйнөнү кучагына алган интернет тармагына кошулууну оңойлоткон технологиялардын катарына уюлдук телефондор да кирет.«Промотанк» компаниясы жана «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондусунун интернет тармагын талдоо максатында жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын 51% иш жеринен гана интернетке кошулат. Ал эми 21% так ушул уюлдук телефондордун жардамы менен интернетке киришет. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык өлкөдөгү интернет колдонуучулардын 8% болсо интернет кафелерден интернетти пайдаланышат.

Статистикага караганда Кыргызстанда интернет колдонуучулардын 75% 10 жаштан 30 жашка чейинкилер түзөт.

Дүйнө жүзүнүн ар башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да маалымат порталдарынын ичинен эң көп колдонулганы GOOGLE порталы болуп саналат. Сурамжылоо жүргүзүлгөн дээрлик бардык интернет кафелердин администраторлору жана интернет колдонуучулар белгилегендей google.com, gooogle,kg сайттары аркылуу алар өздөрүнө керектүү нерселерди интернеттен таап алышат. Мындан сырткары Бишкекте маалымат издөө булагы катары yandex.ru, yahoo.com, rambler.ru сайты дагы көп кодонулуп келет. Ал эми интернет аркылуу маалымат алган кээ бир замандаштар «дүйнөлүк желедеги» эң негизги маалыматтын булагы катары Wikipedia.org сайтын эсептешет.

Кыргызстандык интернет колдонуучулар да интернет үчүн бир кыйла акчаны коротушат экен. Жогоруда айтылган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй бир айда өлкөдөгү 760 664 колдонуучунун 45% интернет үчүн 101 сомдон 500 сомго чейин, 25% 501 сомдон 1000 сомго чейин, 15% 1001 сомдон 3000 сомго чейин акча сарпташат. Ал эми өлкө боюнча колдонуучулардын 15% гана иш жерлеринде бекер интернет колдонушары аныкталган. Ошондой эле Кыргызстандык интернет колдонуучулардын 32% жумасына 3-4 саат интернете отурушса, 22% бир жумада 5-6 саат, 8% бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын «барактоо» менен өткөрүшөт.

Келечектеги интернет[оңдоо | булагын оңдоо]

GOOGLE X компаниясынын масштабдуу долбоорлорунун бири – жер планетасын аба шарлары менен курчап, интернетке жеткиликтүү туташууну камсыз кылуу. Аба шарлары жерден 20 чакырым бийиктикте учуп, күндүн нурунан кубат алышат. Жыйынтыгында интернетти ошол шарлар аркылуу алууга болот. Ал эми 2013-жылы компания Project Loon деп аталган гиганттык шарларды абага учурган. Аба шарлары атмосферада 80 күнгө чейин калкып, интернетти берүү жөндөмдүүлүгү секундасына 25 мегабитти түзгөн. Учурда компания SkyBender долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Максаты – миллиметрдик диапазондогу радиотолкунду колдонуу менен жер планетасына секундасына бир нече гигабитке жеткен интернетти таркатуу. Бул долбоор АКШнын Федералдык комиссиясынан 2016-жылы эксперимент жүргүзүүгө уруксат алган. Азырынча компания зымсыз интернет менен канчанчы жылы камсыз кылары белгисиз.

Терс жактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнө жүзүндөгү кээ бир психологдордун билдирүүлөрүнө караганда интернетти туруктуу жана көп колдонгон адамдарда интернетке болгон көз карандылык пайда болушу мүмкүн. Бул көз карандылыктын алгачкы белгилери интернеттеги убакытты көзөмөлдөй албоо менен башталат. Интернет баракчаларына ашыкча кызыгып андан мына чыгам, ана чыгам деп башка ишин таштап интернетке сүңгүп кирип кетүү, ага болгон көз карандылыктын анык мисалы. Психологдордун айтымында интернетке көп кызыгуунун натыйжасында, адам чыныгы жашоодон алыстап виртуалдык жашоого кирип кетиши мүмкүн. Мындай учурда интернет колдонуучуну финансылык жактан чоң коротууларга дуушар кылышы ыктымал. Кээ бир маалыматтарга караганда учурда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулардын 10% интернет көз карандыларынын катарына кирет.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]