Интерорецепторлор

Википедия дан

Интерорецепторлор (лат. interior - ички жана рецептор) - ар кандай ткандар жана ички органдарда (жүрөктө, кан жана лимфатикалык тамырларда, тамак эритүү жолунда жана башка) сездиргич нервдердин жайланышы. И. жаныбар денесиндеги органдары менен ички чөйрөнүн абалы (химиялык абалы, темп-расы, осмос басымы жана башка) ж-дө информация чогултат (билдирип турат). Аткарган функциялары боюнча И. төмөнкүгө бөлүнүшөт: механорецепторлор , хеморецепторлор – зат алмашуунун өзгөрүлүшүүсү менен химиялык абалы ж-дө, терморецепторлор – ички чөйрөнүн темп-расынын өзгөрүлүшүүсү, осморецепторлор - осмос басымы, барорецепторлор - кан басымынын өзгөрүлүшүүсү ж-дө кабыл алып турушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]