Интерсубъективдик
Көрүнүш
Интерсубъективдик – феноменологиядагы интенционалдык аркылуу субъекттердин өз ара алакалашуу процессин жана анын натыйжасын, адамга башка адамдын ички дүйнөсүн ачып берүү процессин түшүндүргөн терминдердин бири. Аталган түшүнүк экзистенциализм, психоанализ, аналитикалык философия жана башкалар ойломдун учурдагы багыттарында кеңири иштелип чыккан. Бул механизм адамдардын ортосундагы бардык мамилелердин негизи болгон «тиричилик дүйнөсүнүн» концепциясын пайдалануу менен өзү тууралуу эскерүүлөрдү анализдөөгө барып такалат. Интерсубъективдик түшүнүгүн немис философу Э. Гуссерл иштеп чыккан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5