Мазмунга өтүү
Инфитар сүрөсү
- Меккеде түшүрүлгөн. 19 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Асман жарылып,
- 2. Жылдыздар төгүлүп,
- 3. деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда…
- 4. Жана мүрзөлөр оодарылганда...
- 5. (Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат. (2)
- 6. О, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду ?!
- 7. Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле!
- 8. Жана Ал сени ϴзү каалаган сүрөттө калыптандырган!!
- 9. Жок! Силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн "жалган" дедиңер!
- 10. Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар!
- 11. (Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар!
- 12. Силердин бардык ишиңерди билип турушат.
- 13. Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде. (3)
- 14. Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат!
- 15. Алар ага (Тозокко) сурак күнү ташталат!
- 16. Анан андан чыга алышпайт!
- 17. (О, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?
- 18. Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң? (4)
- 19. Ал күнү (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллахтын ыктыярында!
- (1) Жарылуу