Информация

Wikipedia дан

Информация(маалымат) (лат. informatio – түшүндүрүү, баяндоо) – адамдар арасында бири-бирине оозеки жана жазуу түрүндө шарттуу белгилер жана техникалык каражаттар аркылуу берилүүчү кабарлар менен маалыматтар; ошол кабарларды берүү жана кабыл алуу процесси. Информация адамзаттын турмушунда илгертен эле зор мааниге ээ болуп келсе да, бүгүнкү күнгө чейин анын бирдиктүү жалпы аныктамасы жок.

Информация термини төмөнкүдөй маанилерде пайдаланылат:

1) маалымат, фактылардын сүрөттөлүшү;
2) жаңылыктар, жаңы маалыматтар;
3) кабар берүүдө аныксыз нерселерди кыскача баяндоо;
4) жандуу жаратылыштагы жана машиналардагы байланыштар менен башкаруунун негизи;
5) кабарларды берүү жана кабыл алуу.

Информация түшүнүгү 20-кылымдагы илимий-техникалык прогресстин жана кибернетика илиминин өнүгүшү менен өзгөчө мааниге ээ болгон. Ушунун негизинде Информациянын төмөнкүдөй эки түшүнүгү пайда болгон:

1) Информация түшүнүгү адамдар алмашкан кабарларды гана эмес, киши менен автомат ортосундагы, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү өз ара сигнал алмашууларды да өз кучагына камтыган. Клеткадан клеткага, организмден организмге берилүүчү белгилер да Информация катары эсептелип калган.
2) Информация теориясын түзүүгө алып келген Информациянын сандык өлчөмү сунуш кылынган (К. Шеннон, А. Н. Колмогоров ж. б. эмгектери).

Каалагандай Информация мазмун, сан жана баалуулук сыяктуу негизги үч параметрге ээ. Информациянын сандык параметри математикалык статистика, ал эми аксиологиялык жана мазмундук өңүттөрү (аспект) семантикалык теория тарабынан изилденет. Информациянын сандык формуласы К. Шеннон тарабынан сунуш кылынган: Информациянын саны кабарланган аныксыз нерселердин сандык өзгөрүшү аркылуу чагылдырылат. А. Колмогоров аталган проблеманы алгоритмдик мүнөздө чечкен: мында Информациянын сандык өлчөмү бир системаны бир абалдан экинчи абалга өткөрүп турган алгоритмдин татаалдыгына дал келет. Сөз болуп жаткан проблеманын семантикалык жобосу Информацияны белгилүү бир тилдин белгилеринен түзүлгөн тексттеринин маани-маңызы менен байланыштырат. Информация түшүнүгүнүн өнүгүшү жана кеңири пайдаланылышы учурдагы илимдеги анын дүйнөгө көз караштык, философиялык, интерпретациялык формаларынын пайда болушуна алып келген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]