Инфракызыл астрономиясы
Инфракызыл астрономиясы – радиотилке (радиодиапозон) менен көзгө көрүнгөн нурдун арасындагы (7600Е–12000Е) нурлануу спектрине ылайыкталган астрономия. Астроном Джон Гершель биринчи жолу инфракызыл нурду пайдаланып 1848-ж. Күндүн фотографиясын тартып алган. Андан соң Дж.Гершель инфракызыл нурду сезгич фотопластинка пайда болгондон кийин Чолпон, Марс жана Юпитер планеталарын ушул ыкма менен терең изилдеген.
Кийинчерээк инфракызыл нурларды жакшы сезүүчү фотокөбөйткүчтөр, фотокаршылыктар кристаллдары табылгандан кийин Инфракызыл астрономиясы абдан өнүгүп, планеталардын радиотолкун жана оптикалык астрономия аткара албаган спутниктердин көптөгөн физикалык мүнөздөмөлөрү аныкталды. Чолпон планетасынанан мурда белгисиз болгон 7820Е, 7883Е, 8689Е сызыктары табылып, 1947 ж. ал планетадан 16000Е толкун узундуктагы көмүртек кычкылынын тилкеси табылган. Ошол эле 1947-ж. астроном Д.Койпер Сатурн планетасынын башкы спутниги болгон Титандан спектр (инфракызыл) анализи аркылуу металл тилкесинин бар экендигин аныктаган. Кийинки учурларда астрономдор Инфракызыл астрономиясы жылдыз, галактиктер ж. б. жарык чыгаруучулардын физикалык мүнөз-дөмөлөрүн аныктоого кеңири пайдаланып жатышат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0