Инфракызыл спектроскопия
Инфракызыл спектроскопия – инфракызыл нурлануунун спектр-лерин изилдөөчү оптикалык спектроскопиянын бир бөлүмү. Инфракызыл спектроскопияда нурлануу, жутулуу жана чагылуу спектрлери изилденет. Бул спектрлерди алууда көзгө көрүнгөн жана ультракызгылт-көк аймактагы спектрлерди алуу ыкмалары колдонулат, бирок алар инфракызыл аймактары үчүн негизделген атайын спектрдик аспаптардын жардамы менен ишке ашырылат. Инфракызыл спектроскопия негизинен молекулалык спектрди изилдейт, себеби молекулалардын термелүү жана айлануу спектрлеринин көпчүлүгү инфракызыл аймакта жайгашышкан.
Инфракызыл спектроскопияда молекулалардын спектрлерин изилдөөнүн абсорбция ыкмасы кеңири колдонулат. Бул ыкмада инфракызыл – жутулуу спектрин алуу үчүн заттын кичине эле саны жетиштүү жана затты ар кандай агрегаттык абалда, температурада жана басымда изилдөөгө болот. Инфракызыл нурлар зат аркылуу өткөндө молекулалардын термелүү жана айлануу жыштыгы же кристалл торчонун термелүү жыштыгы менен дал келүүчү жыштыктарда жутулат. Ушунун натыйжасында жутулуу спектрлери пайда болот. Инфракызыл - жутулуу спектрин өлчөө үчүн зат аркылуу өткөн инфракызыл нурлануунун жыштыгына же толкун узундугуна көзкаранды болгон анын интенсивдүүлүгүн аныктоо зарыл. Зат аркылуу өткөн нурдун интенсивдүүлүгү менен нурду жутуучу заттын мүнөздөмөлөрүнүн арасындагы байланыш Бугер–Ламберт–Бердин закону менен аныкталат. Инфракызыл спектроскопия жарым өткөргүч материалдардын, полимерлердин, биологиялык объектилердин жана клеткалардын түзүлүшүн изилдөөдө кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0