Иншикак сүрөсү

Википедия дан
  • 84-сүрө

Иншикак сүрө (1) Жарылуу[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Меккеде түшүрүлгөн. 25 аяттан турат
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Күтүүсүздөн асман жарылды!
  • 2. Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу!
  • 3. Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп,
  • 4. ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды!
  • 5. Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу! (2)
  • 6. О, инсан! Сен Раббиңе (жолугуу үчүн сооптуу же күнөөлүү иштер менен) түйшөлүп, акырында Ага жолуктуң. (3)
  • 7. Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе,
  • 8. Өтө жеңил суралат
  • 9. Жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет.
  • 10. Ал эми кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе,
  • 11. (Өзүнө) өлүм чакырат.
  • 12. Жана тозокко ташталат!
  • 13. Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн арасында шат-курсант болчу.
  • 14. Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү.
  • 15. Жок! Андай эмес! (Ал раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган!
  • 16. Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант
  • 17. Түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант
  • 18. Жана толгон кездеги (толун) айга ант (айтамын):
  • 19. (О, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер! (2)
  • 20. Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат?!
  • 21. Жана эгер аларга Кураан окуп берилчү болсо, (моюн суну менен) сажда кылышпайт?! (3)
  • 22. Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) "жалган" дешет!
  • 23. Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллах эң жакшы билет.
  • 24. (О, мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер!
  • 25. А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар (га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!