Иод

Wikipedia дан
Иод.

Иод (лат Iodum) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 2-мезгилинин VIIА группа элементи, галогендерге кирет, к.н. 53, ат. м. 126,9044. Мол. 2 атомдон турат. Й. 1-жолу 1811-жана башкаКуртуа ачкан. Табигый Й. туруктуу бир изотоптон турат 127I, ал эми жасалма радиоактивдүү изотопторунан: 131I (T1/2 =8 күн) жана 133I (T1/2 =22 саат) ж.б. бар. Иондошуу энергиясы: I0 ® I+ ® I2+ (эв м-н) 10,45 жана 19,1 барабар. Мүнөздүү окистенүү даражалары –1+1,+3,+5, +7 барабар. Салыштырмалуу терс электрдүүлүгү Полинг б-ча 2,6 барабар Ат. радиусу 0,133 нм ; ион радиусу 0,220 нм. И. жер кыртышында м. б-ча 3 ×10-5 % түзөт. Й. суу өсүмдүктөрү организминде чогулат (балырлар). И. кара-күрөң түстөгү кристаллдык зат; металлдык жалтырактыкка ээ; тыгызд. 4,94 г/см3 ; к. темп-расы 185,5 оС, балкып эрүү темп-расы 113,5оС. Суюк жана газ абалындагы Й. мол. 2 атомдон турат (I2). Кадимки шартта кескин жыттуу, кызгылт көк түстө, ал эми ысытканда суюк абалга өтпөй түздөн-түз бууланат. Сууда начар, көмүртект сульфидинде, спиртте жана бензолдо жакшы эрийт. Хим. активдүүлүгү хлор менен бромго караганда төмөнүрөөк. Металлдар менен ысытканда реакцияга тез кирип, йодидди, суутек менен суутек иодидин пайда кылат. Көмүртек, азот, кычкылтек менен түздөн-түз кошулбайт. Йод окистендиргич касиети хлор менен бромго салыштырмалуу начар келет. щелочтун ысытылган суудагы эритмеси менен йодид жана йодаттарды пайда кылат:

3 I2 + 6NaOH = 5NaI + NaIO3 + 3H2O

Крахмалга Й. эритмесин тамызганда көк түстү пайда кылат. Й. азот кош оксидин пайда кылуу менен окистенет.

I2 + 10HNO3 = 2HIO3 + 10NO2 + 4H2O

Ө. ж-да йод алуунун негизги булагы - нефтини бургулоодон алынган суулар. Ал төмөнкү реакциянын натыйжасында алынат:

2NaI + MnO2 + 2H2SO4t ® I2 + MnSO4+ Na2SO4 + 2H2O

Й. жана анын бирикмелери медицинада жана биологияда мис., радиоактивдүү изотобу калкан безинин ооруларын (богок ж.б.) дарылоодо, аналитикалык химияда, орг. синтезде жана сүрөт ишинде реагент катары, ал эми ө. ж-да металлды термикалык ажыратууда йодиддер катализатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]