Иодоформ

Википедия дан

Иодоформ (трииодметан) – метан мол-сындагы үч суутек атому менен иод орун алмашуусунан алынган бирикме. СНI3, Мол. масс. 393,83; ачык сары түстүү, өзүнө мүнөздүү жагымсыз кескин жыттуу кристаллдар. Балкып эрүү t 119-123оС; кайноо t 218оС; d420 4,008; Суюктукка өтпөй оңой бууланат. Сууда эрибейт. Көпчүлүк орг. эриткичтер менен бардык катышта аралашат. И., хлороформ сыяктуу эле, спиртке же ацетонго иодду жана щелочтутаасир кылуудан алынат:

С2Н5ОН + 6КОН + 4I2 ® CHI3 + HCOOK + 5KI + 5H2O

CH3-CO-CH3 + 3I2 + 4NaOH ® CHI3 + +NaO-CO-CH3 + 3NaI + 3H2O

И. реакцияга абдан жөндөмдүү. Галогеналкилге мүнөздүү бардык хим. касиеттерге ээ. Нуклеофилдүү орун алмашуу реакцияларына кирет. СН2О менен спиртти, алкоголяттар менен жөнөкөй эфирлерди, карбон к-талары туздары менен татаал эфирлерди, NaCN менен нитрилди пайда кылат. СHI3 гидролиздөөдөн кумурска к-тасы алынат:

CHI3 + 2H2O ® H-COOH + 3HI;

И. антисептикалык касиеттерге ээ, медицинада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]