Иондук микроскоп
Иондук микроскоп – сүрөттөлүштү алууда термоиондуу же газ разряддуу ион булагы түзгөн ион агымы колдонулуучу электрон-оптикалык прибор.
Иштөө принциби боюнча Иондук микроскоп электрондук микроскопко окшош. Ион агымы объект аркылуу өтүп, анын ар түрдүү бөлүкчөлөрүндө чачыроого жана жутулууга дуушар болуп, электр-статикалык же магниттик линзалардын системасы менен фокусталат жана экранда же фотокатмарда объектинин чоңойтулган сүрөтүн түзөт. Иондук микроскоп электрондук микроскопко караганда даана көрсөтөт. Иондук микроскоптун башка артыкчылыгы – ылдамдатуучу чоң чыңалууда иондордун массасынын өзгөрүшүнө таасири аз жана сүрөттөлүштүн контрасттуулугу жакшы болгондугу. Кемчилиги иондордун энергиясынын орчундуу коромжу болушу; чоң хроматтык аберрациясы; экрандын люминофорунун иондор менен талкаланышы жана иондордун фотографиялык начар аракети. Линзасыз Иондук микроскоп иондук проекторду колдонуу эффективдүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0