Мазмунга өтүү

Иондук радиус

Википедия — ачык энциклопедия

Иондук радиус — иондук бирикмедеги шар сымал иондор өлчөмүн жана атомдор аралыгын болжолдоп аныктоодо колдонула турган шарттуу мүнөздөмө. И. р. кристаллды түзгөн иондор аралыктары б-ча аныкталат. Аны рефракциялык, рентген-электроно-графиялык жана квант, мех. ыкмалар менен ченеп алууга болот. Электр нейтралдуу атомдор электронун жоготуусу натыйжасында пайда болгон он зарядуу иондор өлчөмү баштапкы атомдон дайыма кичине болот. Тескерисинче, терс заряддуу иондор электронду кошуп алуудан пайда болгондуктан, чоң болот. Бир эле элемент оң заряддуу иону анын терс ионуна караганда кичине радиустуу, эгерде анын бир нече иону болсо, анда заряддын көбөйүшү менен И. р. терс иондордо чоңоёт, он иондордо кичирейет. Мис., хлордуку : Сl +7 — 0,26 А, Сl-1 — 1,81 А; марганецтики Мn+2 — 0,91 А, Мn+3— 0,52 А, Мn+7 — 0,46 А жана башка Элементтер мезгилдик системасындагы алган орду менен И. р. кристаллохимия, кристаллофизика, оптика жана геохимияда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]