Иондук эмиссия
Көрүнүш
Иондук эмиссия – жылуулук дүүлүктүрүүнүн таасири астында же бетти бөлүкчөлөрдүн агымы же фотон-дор менен нурлантуудан катуу нерсенин бетинин оң жана терс иондорду бөлүп чыгаруусу.
Нерсенин бетин лазер нурунун кубаттуу импульсу менен нурлантканда да Иондук эмиссия байкалат жана беттик атомдордун оптикалык, жылуулук козголуусу менен түшүндүрүлгөн татаал мүнөзгө ээ. Иондук эмиссия катуу нерселердин бетинин касиеттерин жана курамын изилдөөчү куралдарда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0