Ионселективдүү электроддор (ИСЭ)
Көрүнүш
Ионселективдүү электроддор (ИСЭ) белгилүү гана ионду өткөрүүчү мембрана жана ошол эле ионду алып жүргөн стандарттык эритмеден турат. ИСЭ электрод менен изилденүүчү эритменин ортосундагы электр потенциалдар айырмасы эритмедеги потенциал аныктоочу иондор активдүүлүгүнө көзкаранды. ИСЭ төмөнкүдөй типтерин айырмалашат: 1) металлдык, 2) катуу заттан турган мембрана (айнектик), 3) суюк орг. заттан турган мембрана. ИСЭ. ар бир түрү потенциал аныктоочу жана чоочун иондун кандайдыр бир концентрациясынын интервалында гана аракеттенет. Азыркы убакытта ондогон иондорго ИСЭ иштелип чыккан. Мис.: Li+, Na+, K+, Ag+, NH4+, Cu2+, Cd2+, Pb2+, Ca2+, Fe2+, F-, Cl-, Br-, I-, CN- ж.б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6