Ион булагы

Википедия дан

Ион булагы – вакуумда иондордун багыттуу агымы алынуучу түзүлүш. Ион булагы заряддалган бөлүкчөнү ылдамдаткыч, иондук микроскоп, термоядролук синтез жана изотопту бөлүп алуучу орнотмо жана башкалар түзүлүштөрдүн негизги бөлүгү. Плазмалуу ион булагы өтө кеңири тараган. Жогорку тыгыздыктагы иондуу токтун ион булагы дуоплазматрон деп аталат. Мында пондоштуруу деңгээлин жогорулатууда, диафрагманын жана магнит талаасынын жардамы менен плазма кысылат. Газды иондоочу электрондор магнит талаасы боюнча катод менен чагылткычтын арасында термелүүчү ион булагын түзөт. Чагылткычтагы ион тешик аркылуу же болбосо анод цилиндриндеги жылчык аркылуу чыгарылат. Цезий менен капталган электродду суутектин оң иондорунун агымы менен аткыланганда алар терс ионго айланып, ургаалдуу агым түзүлүп, беттик-плазмалык ион булагы алынат. Тез кыймылдоочу нейтралдык бөлүкчөлөр инжекторунда (насосунда) магнит талаасысыз ондогон А тогу бар ион агымын алууга мүмкүнчүлүк түзүүчү кубаттуу жаа ион булагы пайдаланылат. Иондордун көлөмдүк зарядын нейтралдаштыруу менен жогорку жыштыктагы, жүздөгөн килоамперлүү (кА) ион агымын алууга болот. Көп разряддуу иондордун ион булагы энергиясы жана тыгыздыгы жогору электрон агымы көзөп өтүүчү көлөмдөгү ионду көпкө кармап тургандыгы менен өзгөчөлөнөт. Катуу нерсени кубаттуу лазер нуру менен нурлантканда пайда болгон плазма да көп заряддуу ион булагы болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]