Иордан динары
| Иордания динары (кырг.) | |||
|---|---|---|---|
|
Jordanian Dinar (аңгл.) | |||
| |||
| Коддор жана белгилер | |||
| ISO 4217 коддору | JOD (400) | ||
| Символдор | د.أ | ||
| Аббревиатуралар | JOD | ||
| Жүгүртүү чегарасы | |||
| Эмитент | |||
| Бейрасмий түрдө | Палестина Мамлекети (Иордан дарыясынын батыш жээги) | ||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||
| Бөлчөктүү | пиастр (кирш) (1⁄100) | ||
| филс (1⁄1 000) | |||
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||
| Монеталар | 1, 5, 10 филс; 1/4, 1/2, 1, 2 1/2, 5, 10 пиастр; 1/4, 1/2, 1 динар | ||
| Банкноттор | 1, 5, 10, 20, 50 динар | ||
| Тарыхы | |||
| Киргизилди | 01.07.1950 | ||
| Мурда колдонулган валюта | Палестина фунту | ||
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||
| Эмиссиялык борбор | Иордания Борбордук банкы | ||
| www.cbj.gov.jo | |||
| Курстар -жылга көрсөтүлгөн | |||
| 1 KGS | = JD | ||
| 1 USD | = JD | ||
| 1 EUR | = JD | ||
| 1 GBP | = JD | ||
| 1 JPY | = JD | ||
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||
| 2025-жылдык инфляция | |||
| Инфляция | 1.77%[1] | ||
Иордания динары (ар. دينار أردني) — Иорданиянын расмий акча бирдиги. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — JOD, сандык коду — 400[2]. Расмий белгиси — د.أ же JD. Бир иордания динары 100 пиастрдан же 1000 филстен турат.
Иорданиянын Борбордук банкы 1965-жылы ишин баштап жана Иорданиянын Валюта Кеңешинин укуктактарын, милдеттерин өзүнө алып бул кеңешти толугу менен алмаштырган. Азыркы учурда Иорданиянын Борбордук банкы Иорданиянын расмий валютасынын жалгыз эмитенти болуп саналат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]XIX кылымдын аягына чейин азыркы Иордания аймагы Осмон империясы курамында болгон. Бул мезгилде негизинен осмон акчалары колдонулган.
1927-жылы Палестинанын британиялык администрациясы Палестина валюта кеңешин түзгөн, ал Палестина фунтун чыгарган жана бул валюта Мандаттык Палестина жана Трансиордания эмирлигинин аймактарында расмий валюта болгон.
Иордания 1946-жылы 25-майда көз карандысыз падышачылыкка айланганы карабастан Палестина фунтун колдонууну уланта берген.
1949-жылы кабыл алынган №35 убактылуу мыйзамга ылайык Иордания валюта кеңеши падышачылыктын аймагындагы иордан динары деп аталган иорданиялык валютаны чыгарууга укуктуу жалгыз орган катары түзүлгөн. Бул кеңеш Лондондо жайгашкан, курамы президенттен жана төрт мүчөдөн турган, 1949-жылы иордания динарлары чыгара баштаган жана палестина фунту менен бирге тең укуктуу расмий валюта болуп саналган. Иордан динарынын курсу палестина фунттуна карата 1=1 деп бекитилген.
1959-жылы Иорданиянын борбордук банкы түзүлүп, динарды чыгаруу жана акча-кредит саясатын башкаруу укугу ушул мекемеге өткөн. Бул кадам өлкөнүн финансы системасын бекемдеп, валютанын туруктуулугун камсыз кылган.
Иордан динары Жакынкы Чыгыштагы эң туруктуу валюталардын бири болуп эсептелет.
1995-жылдан бери динар АКШ долларына туруктуу курс менен байланган. Бул саясат инфляцияны көзөмөлдөөгө жана эл аралык сооданы жеңилдетүүгө жардам берген.
Иордан динары дүйнөдөгү номиналдык курсу боюнча эң кымбат валюталардын катарына кирет.
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жүгүртүүдө номиналы 1 кирш (пиастр), 5 жана 10 пиастр, ошондой эле 1/4 жана 1/2 динар болгон монеталар бар, аларга падыша Абдалла II сүрөтү түшүрүлгөн. Мындан тышкары, номиналы 1/2 кирш (пиастр) жана 2,5 пиастр болгон монеталар азыркы учурда чыгарылбайт, бирок мурдагы падыша Хусейн I сүрөтү түшүрүлгөн монеталар мыйзамдуу төлөм каражаты макамына ээ.
Расмий түрдө кирш 10 филске бөлүнөт, бирок инфляциянын кесепетинен филстерди көп убакттардан бери жүгүртүүдөн кезиктирүүгө мүмкүн эмес. 1950-жылдагы 1 филс номиналындагы монеталарга англис тилинде жаңылыштык менен «1 fil» деп жазылган.
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Иорданиянын Борбордук банкы 1964-жылы түзүлгөндөн бери иорданиялык банкнотторду чыгаруу боюнча жалгыз орган болуп саналат. Ал 1965-жылдын 4-августунда иорданиялык банкноттордун биринчи сериясын жүгүртүүгө чыгарган[3].
Иордания борбордук банкынын банкноттору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биринчи серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Биринчи серия (1949–1952)[4] | |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Басылган жылдары | ||||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | ||||||
| 500 филс | 128 x 76[5] | Кызгылт көк | Вади Аль Араб сугат долбоору[5] | Малдарын кайтарып жүргөн койчу[5] | 1949 (Григориан календары)
1368 (Ислам календары) | ||||
| 1 динар | 160 x 86[6] | Жашыл | Абдуллах ибн Хусейн | Oval Plaza, Жераш[6] | |||||
| 5 динар | 169 x 88[7] | Кызыл | Эль-Хазне[7] | ||||||
| 10 динар | 185 x 97[8] | Көк | |||||||
| 50 динар | 190 x 100[9] | Күрөң | Акаба[9] | ||||||
Экинчи серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Экинчи серия (1952–1965)[10] | |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Басылган жылдары | ||||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | ||||||
| 500 филс | 128 x 76[11] | Кызгылт көк | Вади Аль Араб сугат долбоору[11] | Малдарын кайтарып жүргөн койчу[11] | 1952 (Григориан календары)
1371 (Ислам календары) | ||||
| 1 динар | 160 x 86[12] | Жашыл | Хусейн ибн Талал | Oval Plaza, Жераш[12] | |||||
| 5 динар | 169 x 88[13] | Кызыл | Эль-Хазне | ||||||
| 10 динар | 185 x 97[14] | Көк | |||||||
Иорданиянын Валюта Кеңешинин банкноттору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биринчи серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Биринчи серия (1965–1975)[15] | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Басылган жылдары | |||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | |||||
| 1⁄2 динар | 140 x 70[16] | Күрөң | Хусейн ибн Талал | Oval Forum, Жераш[16] | 4-август 1965[16] | |||
| 1 динар | 150 x 75[16] | Жашыл | Аска Куполу[16] | |||||
| 5 динар | 164 x 82[17] | Кызыл | Эль-Хазне[17] | |||||
| 10 динар | 175 x 88[18] | Көк | Эль-Махтас[18] | |||||
Экинчи серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Экинчи серия (1975–1992)[19] | |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Басылган жылдары | ||||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | ||||||||
| 1⁄2 динар | 136×67.5[20] | Күрөң | Хусейн ибн Талал | Oval Forum, Жераш[20] | 16-ноябрь 1975[20] | ||||
| 1 динар | 144×71.5[21] | Жашыл | Аска Куполу[21] | 16-ноябрь 1975[21] | |||||
| 5 динар | 152×76[22] | Кызыл | Петра[22] | 16-ноябрь 1975[22] | |||||
| 10 динар | 160×80[23] | Көк | Маданият сарайы, Аль-Хуссейн жаштар спорт шаары, Рим амфитеатры, Амман[23] | 16-ноябрь 1975[23] | |||||
| 20 динар | 168×84 | Кочкул жашыл[24] | Аль-Хусейн жылуулук электр станциясы, Зарка, Зайтун багы[25] | 3-июнь 1978[3] | |||||
| Көк Жашыл | 25-август 1990[24] | ||||||||
Үчүнчү серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Үчүнчү серия (1992–2002)[26] | |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Басылган жылдары | ||||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | ||||||||
| 1⁄2 динар | 131×62[27] | Күрөң | Хусейн ибн Талал | Кусайр-Амра[27] | 1-август 1992[27][28] | ||||
| 1 динар | 137×66[28] | Жашыл | Кардо, Жераш[28] | ||||||
| 5 динар | 143×70[29] | Кызыл | Эль-Хазне[29] | 1-октябрь 1992[29][30] | |||||
| 10 динар | 149×74[30] | Көк | Ажлун чепили[30] | ||||||
| 20 динар | 155×78[31] | Кочкул жашыл | Аска Куполу[31] | 1-август 1992[31] | |||||
| 50 динар | 149×74[32] | Күрөң жана кызгылт көк | Абдулла II | Рагадан сарайы | 27-январь 2000[33] | ||||
Төртүнчү серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Төртүнчү серия (2002–2022)[26] | |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Биринчи жолу басылган | Басылган жылдары | |||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | ||||||
| 1 динар | 133×74[34] | Жашыл | Хусейн ибн Али аль-Хашимиi; Хашимиттердин күмүш монетасы[34] |
Араб көтөрүлүшү; Кайра жаралуу ордени (Иордания)[34] |
2002 1423 |
30-март 2003[34] | |||
| 5 динар | 137×74[35] | Orange | Абдуллах ибн Хусейн; Армия [35] |
Маан сарайы, Иорданияда жасалган Умайяд тыйыны[35] | 22-декабрь2002[35][36] | ||||
| 10 динар | 141×74[36] | Көк | Талал ибн Абдулла; Умм Кайс музейи[36] |
Иорданиянын биринчи парламенти, Вади Рам; Аль-Касталдык декоративдик мотив[36] | |||||
| 20 динар | 145×74[37] | Циан | Хусейн ибн Талал; Падыша Абдулла I мечити[37] |
Аска Куполу[37] | 2-февраль 2003[37][38] | ||||
| 50 динар | 149×74[38] | Ачык күрөң | Абдулла II[38] | Рагадан сарайы; Аль-Акса мечитиндеги мрамордогу оюлар, кара ирис гүлү[38] | |||||
Бешинчи серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Бешинчи серия (2022)[39] | |||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм)[3] |
Негизги түсү | Сүрөттөөмөсү | Биринчи жолу басылган | Басылган жылдары | |||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | Алдыңкы бети | Арткы бети | ||||||
| 1 динар | 133×74 | Жашыл | Хусейн ибн Али аль-Хашими; Acanthus syriacus |
Вади Рам тоолору; мала эжекебеса чымчыгы |
2022 | 26-декабрь2022 | |||
| 5 динар | 137×74 | Кызыл | Абдуллах ибн Хусейн; Петра |
Казына, Петра | 16-август 2023 | ||||
| 10 динар | 141×74 | Көк | Талал ибн Абдулла; Кусайр-Амра |
Рим театры, Амман | 26-июль 2023 | ||||
| 20 динар | 145×74 | Циан | Хусейн ибн Талал; Падыша Хусейндин мечити |
Эль-Мужиб | 21-март 2023 | ||||
| 50 динар | 149×74 | Кызгылт көк | Абдулла II; Иерусалим |
Вади Рам | 5-февраль 2023 | ||||
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Department of Statistics. Consumer Prices (Inflation) 1.77% for 2025
- ↑ Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Мамлекеттер аралык валюталар классификатору. (орусча)
- 1 2 3 Banknotes - the Central Bank of Jordan.(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ CBJ - (26 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 3 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2006).
- 1 2 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2006).
- ↑ CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- 1 2 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- ↑ CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- 1 2 3 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- ↑ CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- ↑ CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- ↑ CBJ - (30 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 3 4 5 CBJ - (30 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 CBJ - (30 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 30 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- 1 2 CBJ - (30 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 30 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- ↑ CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- 1 2 3 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- 1 2 3 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- 1 2 3 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 3 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- 1 2 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- ↑ الصفحة الرئيسية - البنك المركزي الاردني.(жеткиликсиз шилтеме)
- 1 2 Central Bank of Jordan - Museum.
- 1 2 3 CBJ - (26 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- 1 2 3 CBJ - (26 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- 1 2 3 CBJ - (26 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 3 CBJ - (26 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 3 CBJ - (30 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 30 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- ↑ https://www.cbj.gov.jo/EN/ListDetails/Issuance_of_Banknotes/2338/22
- ↑ https://www.cbj.gov.jo/EN/Pages/Introductions
- 1 2 3 4 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 3 4 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2026. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2007.
- 1 2 3 4 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 3 4 CBJ - (23 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- 1 2 3 4 CBJ - (26 -октябрь (тогуздун айы) 2007).
- ↑ The Fifth Edition of The Central Bank of Jordan.(жеткиликсиз шилтеме)
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Иордания Борбордук банкынын расмий сайты(жеткиликсиз шилтеме)
| ||||||||||||||||||||||||||