Ипотекалык насыя

Википедия дан
Ипотека кредити‎»‎ барагынан багытталды)

Ипотекалык насыя ― кыймылсыз мүлктү жерди, өндүрүштүк курулманы жана турак жайды күрөөгө коюу менен берилүүчү узак мөөнөттүү ссудандан ичкери к. Байыркы Грекияда биздин заманга чейинки VI кылымда пайда болгон жана XIX кылымдын ортосунан адистештирилген институттар ипотека банктары, айрым өлкөлөрдө коммерциялык, айыл чарба жана башка банктар тарабынан берилүүчү банк ипотекалык насыясы тараган. Алардын ссудалары боюнча пайыздык чендер карызкордун каржылык абалына жараша жиктелет. Адаттагы ипотекалык насыя бар кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуну билгизет. Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн, ошол мүлктүн өзүн күрөөгө коюп, насыя алуу көбүрөөк учурайт.

Ар кайсы өлкөлөрдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европа өлкөлөрүндө насыялоонун мөөнөтү 10 жылдан 30 жылга чейин түзөт, бирок 15 жылга ипотекалык насыларды берүү басымдуулук кылат. 30 жылга чейинки мөөнөткө ипотекалык насыялоо Австрия, Германия, Дания, Нидерланды, Швеция сыяктуу өлкөлөрдө иш жүзүнө ашат. Колдонулган пайыздык ченге карата жакындоодо жана мамиледе биримдик болбойт. Ошол менен катар, Улуу Британияда жалпысынан өзгөрүлмө чен колдонулат; Германияда жана Испанияда - туруктуу; Данияда жана Францияда туруктуу да, өзгөрүлмө да бар. Ипотекалык кредиттерди депозиттердин эсебинен каржылаган өлкөлөрдө өзгөрүлмө чен менен насыяларды төлөөнүн алмашылма графиктери бар. Данияда эрте төлөө үчүн 25—30 жылдык мөөнөткө туруктуу чен менен комиссиясыз ипотекалык насыялар кеңири тараган. Португалияда, Испанияда, Грецияда жана Кипрде ипотекалык насыянын минималдуу суммасы 100 000 еврону түзөт.

Россиядагы ипотека каржы рыногунда эң маанилүү звено.[1] Россияда ипотеканы колдонуунун эң кеңири тараган варианты — бул жеке адамдын насыяга батир сатып алуусу. Эреже катары, кайра сатылып алынуучу турак жай күрөөгө коюлат, же болбосо учурда колунда болгон батирди дагы коюуга болот. Жашы жете элек адам дагы менчик ээси боло берет. Эгер сатып алуучу 14 жашка жетсе, ал документтерди тариздөөгө катышыш керек.[2] Банктардан тышкары, колдо турган турак жайды күрөөгө алуу насыяларынын рыногунда чакан каржы компаниялар умтулушат. Алардын айрымдары микрофинансылык уюмдардын лицензиясы боюнча иштешет жана Россия Федерациясынын Борбордук банкы тарабынан жөнгө салынат.

АКШда кененирээк тараган болуп 15 же 30 жылдык амортизациялык мөөнөтү 3—5% көлөмдөгү туруктуу чен менен ипотекалык кредиттер саналат. Баштапкы төлөмдүн минималдуу көлөмү 3% түзөт, 20% же андан көп салым кошкондо ипотекалык камсыздандыруу талап кылынбайт. Ошол менен бирге, АКШда ипотекалык насыялоого мүнөздүү өзгөчөлүк, ипотекалык секторго субсидиялар жана өзүнчө ипотекалык программаларды кошумча каржылоо аркылуу мамлекет тарабынан олуттуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.[3]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Проблемы и перспективы развития рынка ипотечного кредитования в России. cyberleninka.ru. Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2023.
  2. Можно ли купить квартиру ребенку?. gorodkvadratov.ru. Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2023.
  3. Subsidized home mortgages. localhousingsolutions.org. Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2023.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]