Ирандын роза суусу
Ирандын роза суусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Иранда, байыркы Кашан шаарында, жыл сайын жаз мезгилинде дамаск розасын терүү фестивалы өтөт. Ал “Голяб гири”, роза суусун даярдоо процессин көрүүнү каалаган миңдеген адамды өзүнө тартат. Кум шаарынан кийин жайгашкан Кашан шаары өзүнүн кереметтүү кооздугу менен саякатчылардын кызыгуусун арттырат. Тоолор кулачын жайып жашыл өрөөн көрүнөт. Ушул жерге 80 миңден ашуун ирандык жана башка өлкөлөрдөн роза гүлүн терүү жана анын суусун алуу процессин көрүү үчүн келишет. Бул күндөрү роза гүлүнүн назик жыты Кашан шаарынын айланасындагы Гамсар, Барзак жана Ниясар шаарларына чейин атыр жытка оройт. Жагымдуу жыттагы гүлдөрдөн жасалган роза суусу, парфюмерияда, улуттук ирандык тамактарды жана таттууларды даярдоодо колдонулат. Иран элдик медицинада роза суусу жүрөк, аш казан жана баш ооруларын айыктырууда колдонулат. Гамсар шаарында роза суусун алуу үчүн бир катар автоматташтырылган ишканалар бар. Алардын бири 1970-жылы болгар адистери аркылуу курулган. Бирок роза сууларынын көп бөлүгү салтту түрдө, колго жасалат. Ошол себептен дүйнө парфюмерлери аны баалашат. Байыркы архитектуралык курулуштардын жанында роза гүлүн чогултуу жана роза суусун алуу салты Кашан аймагына туристердин келишине жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Гүл чогултуунун негизги эрежеси жытын сактап калуу үчүн күн чыкканга чейин чогултуу болуп эсептелет. Кашан аймагынын жашоочулары роза талааларына эртең мененки намаздан соң чыгышат. Роза өстүрүү жана терүүдө 2000 жакын жергиликтүү үй бүлөөлөр эмгектенет.
Роза суусун алуу методу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Роза кайнатуу процесси акыркы он жылдан бери өзгөргөн жок: жез казанга болжолдуу 30 кг. роза гүлү салынып, анын үстүнө 80 литр суу куюлат. Андан соң казанга от жагып, казандын үстүнө чоподон жасалган капкак жабылат жана атайын казанда төрт сааттай кайнатылат. Атайы даярдалган төрт жыгач жана алюмин түтүкчөлөрдүн жардамы менен жез казандан, 30-40 литрлүү жез кумурага жиберилет. Түтүкчөлөр аркылуу кайнатылган роза буусу өткөрүлөт, айнек идишке тамчылап отуруп, 40 литр жытту кымбат баалуу роза суусу даяр болот. Аталган роза суусун сатып алуу үчүн Перс булуңу өлкөлөрү, Франция, Германия, АКШ жана башка мамлекеттерден келген соодагерлер кезеке турушат.
Атактуу Гамсар шаарынын роза суусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эң атактуу роза суусу Гамсар шаарында жасалат. Шаардын жергиликтүү эли дүйнө жүзүндөгү мусулмандар Мекке шаарындагы Каабага барганда так ушул Гамсардан жасалган роза суусу менен жуууунганы менен сыймыктанышат. Шаардын географиялык абалы уникалдуу. Кашанды сыртынан караганда тоо кучагына оролгон өрөөн, географиялык табиятын алсак, ал тоолор роза талааларын тоонун сыртындагы чөлдөн коргоп турат. Гамсар бакча шаарын ирандыктар жердин бейиши деп аташат. Жапжашыл табияты менен өзгөчөлөнгөн ал жерде чымчыктардын сайраганы жана албетте, розанын керемет жытына балкууга болот.
Роза гүлүн өстүргөн мамлекеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аймакта чогултулган дамаск розасы көп жерге таркаган гүлдөрдүн түрүнүн бири. Керемет жытка ээ роза гүлү ирандын төмөнкү провинцияларында өсөт: Фарс, Керман, Эсфахан, Чыгыш жана Батыш Азербайжан облусу. Азыркы учурда аталган роза гүлү Украина, АКШ, Канада, Франция, Англия жана Япония өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Бирок бул түрдөгү розаны өстүрүү жана андан роза суусун жасоо өлчөмү боюнча эң алдыдагы мамлекет болуп Иран турат. Иранда роза гүлүн 2,5 миң жыл мурун жасап баштаган. Бир гана Кашан өрөөнүнөн 2000 тонна роза суусу жана роза майы экспортко чыгарылат, ал Ирандан экспорттолгон роза суусунун 70 пайызын түзөт. Роза суусун экспорттоодон табылган киреше болжолдуу түрдө жылына 14 миллион долларды түзөт. http://iransegodnya.ru/post/view/1420 Archived 2017-12-12 at the Wayback Machine