Мазмунга өтүү

Ири молекулалык массалуу бирикмелер

Википедия — ачык энциклопедия
("Ири молекулалык массалуу бирикмелер —‎"‎ барагынан багытталды)

Ири молекулалык массалуу бирикмелер — мол. м-сы бир нече миңден бир нече миллионго жеткен бирикмелер (макромол-лар). Алардын курамында бири-бири менен негизги валенттүүлүктөрү аркылуу байланышкан жүздөгөн жана миңдеген атомдор болот. И. м. м. б. жаратылышта кенен таралган жана өтө көп санда синтездөө менен алынган. Жаратылышта кездешүүчүлөргө — целлюлоза, крахмал, белок заттары, табигый каучуктар жана башка тиешелүү болсо, синтездөө менен алынган макромол-ларга полиолефин, полибутадиен, полистирол, полиамид, полиэфирлер, элемент орг. полимерлер жана башка тиешелүү. Синтездик макромол-лар кош байланышы бар жана циклдүү бирикмелер полимерленишинен же ди- жана полифункционалдуу бирикмелер поликонденсацияланышынан алынат. Чынжырчалар курамы И. м. м. б. карбон чынжырлуу, гетерочынжырлуу жана элемент орг. болуп үчкө бөлүнөт. Карбо чынжырлуу макромол-лар негизги чынжырчасы жалаң гана көмүртект атомунан туруп, алардын капталдарында кычкылтек, галогендер, азот атомдору болушу мүмкүн. Аларга полиолефиндер, табигый каучуктар, полистирол, поливинилспирти, поливинилхлорид, политетра-фторэтилен, полиакрилонитрил жана башка тиешелүү. Гетерочынжырлуу полимердин негизги чынжырчасында көмүртек атомунан башка да кычкылтек, азот, күкүрт, фосфор атомдору болот. Мындай полимерлерге жөнөкөй жана татаал полиэфирлер, полиамиддер (белоктор да), целлюлоза, крахмал ДНК, РНК ж. 6. тиешелүү. Элемент орг. полимерлер жаратылышта кездешпейт. Алар синтез ыкмасы менен гана алынат. Элемент орг. И. м. м. б-дин негизги чынжырчасында көмүртект атомунан башка Si, В, Аl, Тi, Sn сыяктуу жаратылышта кездешүүчү орг. заттар курамында жок поливаленттүү элементтер болот. Мис., кремнийорг., борорг., калайорг. жана башка полимерлер. И. м. м. б. түзүлүштөрү б-ча түз сызыктуу, тармакташкан жана тор сыяктуу болуп үчкө бөлүнөт. Түз сызыктуу макромол-лар узун чынжырчадан туруп, капталдарындагы тармакташуу бир мономер звеносунан ашык болбойт. Мис., аларга табигый каучук, иреттүү полимерлер, жөнөкөй жана татаал полиэфирлер, синтездик полиамиддер жана башка тиешелүү. Тармакташкан макромол-лардын негизги узун чынжырчанын капталдарында бир нече кыскараак чынжырчалар болот. Мис., жалганган сополимерлер, кээ бир белоктор, үч жана андан көп функционалдуу топтору бар бирикмелерди поликонденсациялоодо алынган полиэфирлер, полиамиддер жана башка Бир нече түз сызыктуу макромол-лар бири-бири менен негизги валенттүүлүктөрү аркылуу көпүрө сыяктуу кыска звенолор менен байланышкан полимерлер тор сыяктуу И. м. м. б. деп аталат. Буларга вулканизацияланган каучуктар, фенол-формальдегид чайырлары (резит) жана башка тиешелүү. Тор сыяктуу макромол-лалар эч бир эриткичтерде эрибейт жана 6. эруүгө жөндөмсүз болот. И. м. м. б. азыркы мезгилде эл чарбасынын бардык тармактарында колдонулат.

Ад.: Лосев И. П., Простянска» Е. Б. Химия синтегических полимеров. М.,1964.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]