Иррационалдык теңдеме

Википедия дан

Иррационалдык теңдеме – белгисизи радикал белгисинин (тамырдын) астында болгон теңдеме. Иррационалдык теңдеме чектүү же чексиз сандагы чыгарылышка ээ, ошондой эле чыгарылышы жок болушу да мүмкүн. Мисалы, V x 2 = x 2 теңдемеси эки чыгарылышка (x1 = 2, x2 = 3), д/x + 2 6д/x -1 + + д/ x + 3 4yfx—1 = 1 теңдемеси чексиз көп чыгарылышка (5<x<10) ээ, ал эми Vx 2 + + V x + 2 = 0 теңдемесинин чыгарылышы жок. Иррационалдык теңдемеге кирген бардык радикалдар арифметикалык тамыр катары, ал эми Иррационалдык теңдеменин чыгарылыштары чыныгы сандар талаасында гана каралат. Иррационалдык теңдеме төмөнкү айрым ыкмалар менен чыгарылат: 1) радикалдын бирин барабардык белгисинин оң тарабына чыгарып, эки тарабын тең бирдей даражага (тамырдын даражасына) көтөрүү; 2) кошумча белгисиз киргизүү (теңдемедеги кайсы бир туюнтманы белгилеп, ордуна коюу); 3) теңдеменин эки бөлүгүн тең анын биринин түйүндөшүнө көбөйтүү; 4) теңдемедеги өзгөрмөлөрдүн кабыл алууга мүмкүн болгон маанилеринин облусун алдын ала аныктоо. Бардык учурда алынган тамырларды теңдемеге коюп текшерүү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]